Домой Коом БАШЫНА ПАКЕТ КИЙГИЗИП САБАШКАН ЧҮЙДҮН 2 МИЛИЦИЯСЫ 8 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

БАШЫНА ПАКЕТ КИЙГИЗИП САБАШКАН ЧҮЙДҮН 2 МИЛИЦИЯСЫ 8 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

109

Ысык-Ата райондук соту жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн 2 милициясын күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги Чүй облусунун прокуратурасынын өкүлү Нурлан Тагаевге таянып жазды.

Айтымында, экөө тең 8 жылга эркинен ажыратылды.

«РИИБнын 2 кызматкери А.К. ны милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан кийин башына пакет кийгизип, колуна кишен тагып күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн жерге жаткызып алып сабашкан. Прокуратура «Кыйноо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тартип сакчылары камакка алынды», — деди Нурлан Тагаев.

Булак: eldik.media