Домой Коом Башына курал такап… Мас милиционер караоке-клубда ок атты делген видео тарады

Башына курал такап… Мас милиционер караоке-клубда ок атты делген видео тарады

227

Көзөмөл камерасына тартылып калган видеону Эмил Мураталиев аттуу колдонуучужүктөдү.

Бул тууралуу маалымат Sputnik агенттигине 2019-жылдын декабрь айында келген. Анда Бишкектин Октябрь РИИБинин мас кызматкери ок чыгарганы айтылган.

Райондук милиция болсо аталган окуя боюнча материалдар УКМКга жөнөтүлгөндүктөн комментарий бере албастыгын билдирген.Ал эми УКМКнын маалымат кызматы жана расмий өкүлү бул маселе боюнча Sputnik агенттигине жооп бере элек.

Эмил Мураталиевдин билдирүүсүнө караганда, окуя 22-декабрь күнү саат 3.00дө Кулатов көчөсүндөгү Live Bar клубунда болгон.

Анда жаш жигит ичип алган топ менен айтыша кеткен. Алар өздөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырып, бири Макаров үлгүсүндөгү куралын алып чыккан. Аны октоп туруп уруша кеткен баланын башына такап атканда, тигиниси буйтап кетип аман калганы айтылды.

Маалыматта ок чыгарган киши Октябрь РИИБинин криминалдык милициясынын 26 жаштагы кызматкери экени маалымдалды.

«Аткан адам өзүнүн жогорку кызматтагы колдоочуларынын аркасы менен азыр эркиндикте жүрөт. Кол салгандардын экөө кылмыш жоопкерчилигинен бошоп кетишти. Ал эми курал пайдаланган кишиге «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, үй камагына чыгарышты», — деп жазган Мураталиев.

Ал акыйкаттык издеп президент, башкы прокурор, ИИМ жана УКМК жетекчиликтерине кайрылды.

Булак: Спутник