Акыркы мезгилде күч түзүмдөрү тараптан алдын-ала кооптуу жагдай тууралуу коңгуроо каккандарды, же болбосо өзүнүн туура кебин айткандарды какмалап, ал тургай камап салуу өнөкөтү арбып баратканы коомчулукту чыйрыктырып жатат. Убагында коркунучту байкагандар тогуз жыл мурда өткөн июнь окуясы тууралуу билдиргенде Убактылуу өкмөттүн башчылары маани бербей коюшкан.
Ошондон көп өтпөй улуттар ортосундагы кагылыш жүз берген. Анын кесепетинен жүздөгөн жарандардын өмүрү кыйылган. Баткендин айылдык Кеңешинин депутаттары күн мурун коогалаңдуу жагдайды айтышса да көңүл бурбай коюшканы акыры чек ара маселесин жаратты.
Мындан улам чек арада адам өмүрү үзүлдү, жергиликтүү жарандар атылган октон жаракат алышты. Учурда он адам Бишкектеги ооруканаларда дарыланып жаткан кези. Демек, башын катпай адилет кебин айткандарды колго чаппай пайдасы бар маалымат болсо угуп коюну бийликтегилер жөндөп кетсе жакшы болмок.
Булак: Ачык сөз