Домой Саясат Башкы прокурор Шадиев тууралуу маалымат берди

Башкы прокурор Шадиев тууралуу маалымат берди

42

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыркы жылга карата отчетун талкуулап жатышат. Жыйын суроо-жооп багытында уланууда.

Талкуу учурунда «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Абдыбек Дүйшалиев экс-депутат, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев боюнча Башкы прокуратуранын иш-аракетин сурады.

«Шадиевге байланыштуу «мыйзамсыз баюу» боюнча кылмыш иштери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда сырттан каралып жатат. АКШнын тиешелүү кызматтары менен иштер жүргүзүлүп жатат. Быйыл биздин тергөөчүлөр ал жакка барып-келмек болуп, бирок жагдайга байланыштуу кийинкиге жылып калды. Буйруса, бул иштер боюнча жыйынтык болот»,-деди башкы прокурор.