Домой Коом Башкы прокуратура мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановго карата козголгон кылмыш ишин токтотуу...

Башкы прокуратура мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановго карата козголгон кылмыш ишин токтотуу чечимин жокко чыгарды.

60

Башкы прокуратура мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановго карата козголгон кылмыш ишин токтотуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу адвокат Назгүл Сүйүнбаева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы кылмыш ишин козгоону токтоткон. Милиция бул чечимди жокко чыгарган документти көзөмөл органына жөнөттү.

“Башкы прокуратура башка тергөөчүгө тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн сотко чейинки процессти Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына кайтарып берди”, – деди Назгүл Сүйүнбаева.

Эсиңиздерге сала кетсек, ИИМ Эмилбек Кимсанов 2018-жылы Чүйдө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулун токмоктоо боюнча шек саналып, аларга издөө жарыяланганын маалымдаган. Кимсанов 20-февралда Россиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, бир сутка ичинде Кыргызстанга алынып келинген. 22-февралда Биринчи май райондук соту аны жаш балдары бар экенин эске алып, бөгөт чарасын үй камагына алмаштырган чечим чыгарган. Анын адвокатынын айтымы боюнча, ошол учурда, белгисиз себептерден улам, тергөөчү алмаштырылган, бирок алар билген эмес, Кимсанов Бишкекке келгенде Ички иштер министрлиги тарабынан күч менен кармалган, ИИМ Кимсановду камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Эмилбек Кимсановду Биринчи май райондук соту 31-мартта камакка алган.

Кимсанов өзү камакка алынышы бажыдагы Райымбек Матраимовго байланыштуу коррупциялык схемалар жөнүндө чындыкты айткандыгына байланыштуу деп бир нече жолу билдирген.