Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Ысык-Көлдөгү «Рахат» жана «Алтын Көл» пансионаттарынын ортосунда жайгашкан 0,60 гектар жер тилкесине мыйзамсыз жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилгендиги аныкталганды боюнча маалымат таратты. Маалыматта: «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл райондук бөлүмү Б.М. аттуу жаранга 2019-жылдын июль айында жер тилкени берип койгондугу, текшерүүдө аталган жер тилкесинин базар баасы 10 миллион 932 миң сомду түзө турганы аныкталганы айтылат. Жерди кайрадан мамлекетке кайтаруу чараларын жүргүзүлүп, Ысык-Көл райондук прокуратурасынын прокурордук сунушунун негизинде жогорудагы 0,60 гектар жер тилкеси кайрадан мамлекеттик менчикке алынды.