19-августта Чүй облустук соту учурда№1 түзөтүү абагында олтурганЖКнын экс-депутаты, саясатчы Садыр Жапаров боюнча Аламүдүн райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Тактап айтканда 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндө мыйзамды колдонуудан баш тартты.
Садыр Жапаровдун адвокаттарынын айтымында үстүбүздөгү жылдын башынан тартып күчүнө кирип иштей баштаган жаңы кодекстер боюнчаС.Жапаров соттолгон берене «өзгөчө оордон»«оор кылмыштарга»алмашкан. Бул деген областтык фемида отказ кылган мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келет. Болуп өткөн процесс тууралуу журналисттердин «эмне үчүн мындай чечим чыкты?» деген суроолоруна С.Жапаровдун адвокаты Ш. Токтосунов соттун чыгарган чечимин мыйзамсыз деп баалап, мындайча жообун узатты: «Дагы да баса белгилеп кетким келет, биринчи жана экинчи инстанциянын чыгарган чечимдери мыйзамсыз. Баш мыйзамдын 20-беренесинде «мунапыс менен жеңилдете турган жагдайларга чектөө коюлбайт» деп бакыйып жазылып турат.Бул деген мыйзам менен Конституция карама каршы келип калган учурда жогору турган мыйзам колдонулат дегендик. Ошондуктан, Конституция эң жогорку мыйзам болгондуктан бул жагдайда Садыр Жапаровго мунапыс берилиш керек болчу. Мени таң калтырганы, буга чейин берилген башка бир нече саясатчыларга берилген мунапыс мыйзамы аларга иштейт да эмне үчүн Жапаровго келгенде иштебей калат? Демек, муну саясий негизде кабыл алынган чечим болуп калды десек болот» деген пикирин билдирди.