Домой Саясат Баш мыйзамдын таасири болбосо…

Баш мыйзамдын таасири болбосо…

40

Парламенттик башкарууга өтөбүз деген тилектер негедир аткарылбай келатат. Баары бир президенттин айтканы, ал тургай жасаган ишаараты леп эткен желдей дайыма Жогорку Кеңеш тарабынан колдоого алынарын көрүп турабыз. Ошондон улам жакын аралыкта кыргыз өлкөсү парламентке толук басым жасай албайт.

Эң кызыгы – парламентти башкарган спикердин дарамети, сөөлөтү, оозундагы кеби бирөөнү да ынандырууга жараксыз экени ачык байкалып калды. Демек, харизмалуу, көкүрөгү таза, көзгө тике карап сүйлөгөн, айбаттуу төрага болбосо парламент чүкөдөй болуп, сакалыкка жарабай ортодо жүрө берет. Калктын кызматына ак пейилин төшөп, арканды алыс таштап, борбордон каккан казыгынын үнүн аймактарга жеткирген башчынын гана иши алгалап кетерин эстен чыгарбоо кажет.

Ушундан улам мээге бир ой келет. Таасири жок Баш мыйзамды бапестеп, колду койуп ант бергенден майнап чыкпады. Күзүндө эл өкүлү болуп келгендер мындан ары Конституциянын ордуна нан, тузду койуп ант беришсе балким мекенчилдик сезим ойгонуп, абийиринин алдында уят болбоого аракет кылышар беле деген суроо жаралды. Ал тургай жаңы шайланган спикер, министрлер, депутаттар да ушундай жол менен ант беришсе көз караштар өзгөрүп кетээр деген тилек бар. Ал эми Конституцияны алтын тамгалар менен жазса дагы анын таасири артып кетпейт. Ансыз деле жашоосун ойдогудай өткөргөн өлкөлөр бар экенине ынансак биз айткан сунуш маңыздуу экенине ынанып турабыз.

Булак: Ачык сөз