Домой Саясат Баркталган Мадумаров…

Баркталган Мадумаров…

4

Тигиндей, мындай деп кепти оңго, солго бурганыбыз менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун кадыр-баркы опол тоодой экенине жакында күбө болдук. Эгерде анын көмүскө жактары арбын болгондо Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев аны менен жолугушуп баарлашмак түгүл саламга келбей коймок, туурабы? Негизи Нурсултан Назарбаевдин деле Адаханга көзү түз экенин баары билбесе да саясатчылардын көзүрлөрү билишет.

Албетте, эл башкаргандар бири-бирине назарын буруп, ички туюмунда анын ким экендигине көңүлүн жуутушат. Кезинде жогоруда кеп кылган эки адам карым-катнашта болгонунун өзү көп нерседен кабар берип турат. Эски тааныштардын сүйлөшө турган маселелери арбын экендиги талашсыз. Бул ирет айталбай калганын Мадумаров Нурсултан шаарына барып жөндөп алары айтпаса да түшүнүктүү. Акыйкатына токтолсок Бишкектеги жолугушуу таасирдүү экенин танууга болбойт. Демек, мамлекетти учурда башкарып жаткан Сооронбай Жээнбековго бул чоң кагылган коңгуроо болду десек жаңылбайбыз. Өзү кийлигишпесе да кошоматты куп үйрөнгөндөр Адаханга “корозчо” үрпөңдөй береээринде кеп жок. Бирок, алардын текирең таскагын Мадумаров тоотпой калды го…

Булак: Ачык сөз