— Ошенте берет, камтама болбогула. — Мурунтан билип жүргөнсүп Сатар ушинтип койду.
— Ошондой десеңиз, мен да…
Сыртта да тулгадан берээк дасторкон салынып тамак-аш, арагы менен даяр болчу.
Келин бөтөлкөнү алып, кырдуу стаканга баса куюп күйөөсүнө сунду:
— Ме, алып жиберчи, сен келгенче агай экөөбүз бирден алып койдук.
— Мейли эмесе, амандык үчүн. – Жигит стаканды бир эле тартты да жаңы эле чыгарылган боордон сугунуп койду. Ал бир ичкенден кийин «дагы эле дагы» дегендердин бири эле. Бат эле үчөөнө куйду, кызый түшкөн.
— Өзүңө эмне жакшы куйбайсың, мунун куулугун айт, — деп келин бөтөлкөнү алып стаканын мелт-калт кылды. – Мына эми … Ал, алып жибер.
Жигит тартты. Берки экөө ичимиш болду. Беш мүнөттөн кийин келин күйөөсүнө эми бирди куйду. Ошондон аз өтпөй, жигит тумшугу менен жерге сайылды.
— Муну эми эртең шашкеде бир көрөбүз,-деди келин жылмайып.-Өлгөндөр туруп кетиши мүмкүн, алды бул турбайт. Жүрүңүз, үйгө жаткызып коелу. Экөөлөп жигитти колтуктай сүйрөп барып боз үйгө жаткызышты. Турдукан жатат көзү жылтырап, аздап онтоп. Сатар арактан куюп Турдукандын башын жөлөй кой-айына карабай жуткузуп таштады эле, эми онтогонго да шайы келбей кайра төшөккө кулады. Көптөн бери ичпей жүргөн неме дароо эле ашык ичип койбодубу.
Сатар менен Атыр сыртка чыгып, казанга жакын жанагы дасторконго олтурушту. Экөөнүн алдында эки талпак. Сатар айтты:
— Атыр, келчи, экөөбүз бирден алалы…
— Мас болуп калбайсызбы?
— Болбойбуз.
— Андай болсо, куюңуз.
Ичишти. Сатар келинге жыла олтуруп белинен имере тартты:
— Татына экенсиң, кишини чыдатпаган.
— А сиз чыдаңыз.
— Чыдабасамчы?…
— Андабы… Анда мен чыдайм,-келин кыткылыктады,- эгер чыдабасам сизди күтпөй эле…-келиндин кыткылыктаганы басылбайт.
— Айтчы, күтпөй эле эмне кыласың?
— Кыйнап коем.
— Кантип?
— Кантип дейсизби… Моминтип эле…-Келиндин колу Сатардын мойнуна оролду, ооз оозго жабышты. Анан келиндин бир колу эркекти сылай сойлоду. Эркектин эси кетти, онтоп жиберди. Келин эркекти чалкадан салды. Костюмунун, көйнөгүнүн топчуларын чечип жиберди…-Чыдабасам, жаман бекеминби?-деди келин,-бул чети болот, бир чети эле… Бүгүн сиздикимин. Кааласаңыз-койсоңуз эрк өзүңүздө. Күчүңүз жетсе тынбаңыз, кумарыңызды кандырып берем. Эртең болсо… Эртең баары унутулуш керек, уктуңузбу?
— Уктум, кереметим…
Эт да бышты. Бирок, жеген киши болгон жок. Келин боз үйдөн жууркан-төшөк алып чыгып, сыртка төшөк салды. Келин келин экен. Сатардын айласын түгөттү, эзип салды, эзели бүтүнгө айланбай тургандай кылып эритип салды. Дайыма аялга бой көтөрүп каалаганын жасай үстөмдүк кылчу неме, бу жолу келинге «катын» болуп берди…
Таң агара баштаганда келин Сатарды тургузуп, жууркан-төшөктү үйгө киргизип, эси эңгиреген агайына:
— Жакшы калыңыз, эстешмей жок,-деп басты эле, Сатар жанталаша сурады:
— Атыр, кечинде келесиңби?
— Жок. Мен экинчи ирет мыктылардын мыктысына гана келем,-деп сырдуу жылмайып, кадамын ылдамдатты.
Бу келин күйөөсүнө да караган жок, эттен, башка тамак-аштан кенедей да албады, асынма сумкасын ийинге салды да кете берди. Чынында да бу аялзаты мыкты жан эле, калптан сүйлөгөндү, ушак айтканды жаман көргөн, өзүн эч кимге басынтпаган, анан да көңүлүнө төп келген эркек чыкса эрип да, эритип койчу касиети бар марал болчу…
* * *
Апасы кетери менен Астра эки курбусуна телфон чалып чакырды эле, алар бат эле жетип келишти, жакын жашашчу.
— Эмне болуп кетти дагы?-деди каратултук кыз.
— Эмне болмок эле, апам эки күнгө досунукуна кетти, жалгыз калып чакырдым да…
— Анан жана эле телефондон айтпайт белең,-деди сары кыз.
— Кыздар, мен бир нерсе көрсөтөйүн, эч кимге айтпайсыңарбы?
— Айтпайбыз.
Астра кыздарды өз бөлмөсүнө ээрчитип кирип, бир кассетаны алып чыкты:
— Өлөсүңөр тимеле…
Экөөнүн чыдамы кетип көзү жайнайт. Сары кыз сурап жиберди:
— Эмне жөнүндө, айтсаң?
— Азыр көрөсүң.- Астра кассетаны видеого салып жөндөдү. Кино башталды. Мына сага, эротиканын эротикасы экен, кыздарды арбай баштады… Сары кыз сурады:
— Муну кайдан алдың эле?
— Айталбайм, эч кимге айтпа деген.
— Биз эмне эч ким белек, эч нерсе жашырышпайбыз го, доспуз да…-деди сары кыз.
— Сыргак агай берген. Аябай сак болуп көр деген. Бат эле алам деди эле, ала элек.
— Ушундайды эмнеге берди экен, өзү агай болуп туруп?-деди кара кыз.
— Ушундай деп коет, тимеле жанталашып көрдүң го …
— Кызык болсо көрөсүң да…
— Ии, анан кызык нерсени көрсүн деп берди да. -Астра агайын уинтип коргоду.
Кассета дагы эки ирет көрүлдү. Ошонун кеби арбын айтылды. Дагы да көрүшмөк, бирок, өтө кеч болуп, уйкуга жеңдирип коюшту…
* * *
Боз үй ээси менен Турдукан кеч ойгонушту. Сатар болсо небак эки жүздү басып, сырттагы казан толо эттин чүйгүнүнөн жеп жүргөн. Ичкилик ага жагат, эч оорубайт. Тамаксыз ичпегенден го… Тиги экөө тургандан кийин, экөөнүн башын жазган болуп бирден тарттырды. Анан үчөө, жигит чыгарып келген этке карашты.
— Келинчегиң качан кеткен, турсам жок го? –деди Сатар түндө өлө мас болуп калгансып.
— Оо, анда уйку жок. Балким түнү менен кетсе керек. Жайлаган жерибиз тиги кырдын эле ары жагында. Беш уй саап, сүтүн заводго төгөт, өздөрү машина менен күндө апкетет.
Эки-үч курдай беркиден алып, эттен сугунган немелерден тер кетти, көңүл куунак тартты, кеп чубалды. Турдукан да эки эркектин деми таасир бердиби, оорусу калып, көңүлү асмандап барат…
Бир маалда Турдукан тиги жигитти тамашалады:
— Келинчегиң, баамымда татына экен, жалгыз кетиргенден коркпойсуңбу, ыя бала, кызганбайсыңбы?
— Эмнеге кызганам?-деди жигит ишенимдүү,- ал деген тузга сийип берчү аялдардан. Катылган эркектердин катыгын берет тим эле, шойкому жок.-Байкуш жигит ушинтти…
«Аябай жок экен,-деди Сатар ичинде,-шойкомдун атасын таанытты го…».
Ал күнү Сатарлар дагы конуп калышты. Боз үйгө экөө жалгыз жатты. Турдукан асылып көрдү эле, Сатар табы болбой турганын айтып тескери оодарылды. Турдукандын деми сууду, үшкүрүгү угулду. Тиги келинден кийин буга Сатардын көңүлү кайдан келмек…