Домой Маданият Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 3-серия

Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 3-серия

297

Периште жолу

Ошо келген сайын адыраңбай аялы кайнене менен кайнатаны капа кылып кетет. Жок, аларга тили тийбейт, туура эмес жүрүшү, орунсуз кеби кары кишилерге катуу тийет. Кубатбек  ошого уялып, анысы капага айланат.

Беш кыздын ортосундагы жалгыз уулун ата да, эне да көзүн карап, айтарга сөз, берерге аш тапай дегендей күйпөлөктөп тосот. Сарамжалдуу карыя көбүнчө козу-улагын чалдырып жиберет. Ошол күнү башында  маңдай жарылчу маанайда болушат да аягында абышка-кемпир да, Кубатбек да санаага батып отуруп калышат. Анткени, Турдукан келин каадасы кылып кымырына-кымтына олтурганды билбей, сөздү тандап сүйлөбөй, башканы кой, бир чыны чайды жөндөп куюп суналбай, кары кишилердин зээнин кейитет.

Бу келиндин кайнатасыныкындагы сүрөтү менен сүйлөгөнүн бир көрүп коөлу.

Самоордон чай ичилип жаткан. Жапыс столго толгон тамак батпайт. Баары жерге салынган көрпөлөрдө олтурушат. Келин чай куят. Улам бир нерсени унутуп сырткы үйгө чыгып-кирет. Бир караган  эркекти кайра-кайра каратчу жамбашы чайкалып, аппак шымынан сыртка чыгып булт эте түшчүдөй. Төш жагы жарым ай болуп жабылып, калганы дааналанат. Чыныдагы чайды сунуп жатып кайната менен кайненеге кеп салып турганы:

— Өткөн жумада Кубатбектин бир досу чакырыптыр. Куураган жаным тамактан көп жеп албай түз эле арактан баштаптырбыз. Анысы да бир кызык неме экен, адегенде тамакка тойгузуп туруп анан бербейби арагын. Аккөңүл жаным ал десе эле ала берген экемин, бир маалда карасам, үйдө жатам. Боорум ай, ошондо бир келесоо неме мага көзүн кысып жатпайбы… ха-ха-ха. Ошол эле жетпей жаткансып, суболуч десе…

— Ай, Тукан ме, чайдан ысык куйчу, — деп Кубатбек чынысын сунуп  сөзгө алаксыткысы бар, — атамдын чынысын да алмаштырып бер. — Минтип аялын тантык сөзүнөн тайытып алаксытып жаткан Кубатбекке жер катуу болуп турат.

— Эми эле куйбадымбы. Сага го боло берет, ал эми карыган абышкаларга, кемпирлерге  өтө ысык ичкен болбойт, ашказанга зыян… Анан ошол коноктон желген мантусу чийки экен, ич толгогонун айтпа. — Турдукан ушинтип кебин улайт.

Ошол маалда сыпаа жүргөн карыя «сууну жайып таштап баса берген турбаймынбы» деген шылтоону айтып отурган жеринен кеткиче шашат. Кемпири болсо алты амалы бирдей кетип, чайга эмес, келининин кебине тердейт.

Келген сайын ушул сындуу сүрөт, сыны менен сыйынан тайыган…

* * *

Бир ирет Кубатбек өзү жалгыз келгенде ата-эне жандай көргөн уулуна келини жөнүндө ойлорун тартынбай да, жашырбай да айтышты. Далай жыл айтпай да келишпедиби.

— Кубакай, — деди энеси кебетеси кепти мен баштайм го дегенчелик кылып абышкасын бир карап алып,- атаң экөөбүзгө сенин болгонуң  айтып бүткүс жыргал эмеспи. Алдыңа кетсек, арманыбыз болбос! Тээ жер каймактагандан ата-эненин тилеги ошондой тура. Анан да уулубуздун дени сак болсо экен, курсагы ток, капасы жок болсо экен, элдин оозунда жакшы кепке арзыса экен, иши жакшы болсо экен,  алган жары мыкты болсо экен, бала-чакалуу болуп бапырап турса экен, кем-карчы болбсо экен… деген тилекке  эсеп жетпес, уулум. Тобо дейли, тилегибиз талаага кеткен жок кулунум, жаман болбодуң… Бирок, биздин жүрөктү өйүткөн, ойгоо болсок ойдон, уктасак түштөн кетпеген санаа — келинибиздин турпаты болду, жосуну болду. Анан эмей, ал дагы бирөөнүн баласы, анда талашыбыз жок, өзүн деле жаман көрбөйбүз. Бирок, баскан-турганы менен сага кедергисин тийгизип, жигиттик жолуңду аздап булгап коюп жатканын угуп-көрүп жүрөбүз… — Энеси ушул жерден кебин улай албай токтоло калды эле атасы улаганга өттү:

— Кубакай,- ата-эне уулун бала кезден ушинтип эркелетет,- энең да, мен да келинди кетир деген жерибиз жок, аны ээрчиген жаман кептен арылтууга жол барбы деген эле кеп. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» деген бар эмеспи, анын сыңары эми келинибиздин жакшы эмес жосундарын жашырууга болбой турган окшоду. Азын көрүп, көбүн угуп жатабыз, уулум. Айтыбатканыбыз энең экөөбүздүн оозубуздан чыкпаса болот эле, мына чыкты, не айла? Көзүм көрүп, көкүрөгүм сезибатат, сен да кыйналып жүрөсүң. Андай кыл, мындай кыл деп даана-тагын айталбайт ошодук. Сени ойлонсун дегенчелик кылып айтыбатабыз. Сөздүн айтылчусу болот экен… -Ата токтоло калып көз ирмем ойлонду да сөзүн бүтүрүп койду: — Сөздү арылата албайм, бүттүм балам. Калган сөздүн төркүнүн билерсиң…

Үчөө биртопко үн катпай олтуруп, өз ойлорунун жетегинде болду. Ойлор сыртка чыкпады, ошол сыртка чыкпаган боюнча бир жерден тогошуп турду. Ата да, эне да уулунан сөз күттү, таарынып калбады бекен деген санаркоо да бар. Жок, уулу таарынбаптыр, уялыптыр, көзү айтып турат. Ата-энеден кандай сөз укса деле бул уул таарынмак эмес. Анткени, аларды жанынан артык көрчү, ата-эне ал үчүн ыйыктардын ыйыгы, асылдардын асылы болуп, жүрөгүнүн түпкүрүнөн кайткыс орун таап алган!

— Ата, эне, — деди  Кубатбек тигилер күткөн сөздү баштап, — силер  айткан сөздү небак эле күтүп жүргөм. Далайга чыдап анан айттыңар, аны да билем.  Айтканыңар туура. Бирок, мен эмне айла кылам, билбейм, жашоо кандай уланат, муну да билбейм… Келиниңерди мына бүгүн эле колу-жолуң бош деп айдап жиберсем дейм, анан эле… Анан антиш колуман келбейт. Сөз жуккан неме болсо, аны күндөп да, түндөп да айтат элем, сөз жукпасын аз кечигип билбедимби. Кыздардын тагдырын ойлойм, мени атакелеген. Ушул азыр силерди жубатып кесе айтчу жообум жок. Мени жаман көрбөгүлө. Бул маселеде менин мококтугумду кечирип койгула! Кай жерден алсыздыкка алдырдым, биле албайм…

— Эмнеге жаман көрөт элек, — деди атасы, акырын үшкүрүп, — сени жаман көргөндөн кетебизби…

— Ооба десең, каралдым, — деп энеси уулунун колунан алып сылай өптү,- деле кандай болгон күндө деле аман жүрсөң болду. Атаң экөөбүзгө андан өткөн ырыскынын кереги жок.

Ошону менен сөз бүттү. Аягы жок бүттү. Бу маселенин аягына чыгыш көп нерсени талап кылмак. Кубатбекте ошол керек нерселерден кемтиги бар эле…

(Уландысы бар)