“Каракол-Бишкек” жолу менен шуулдап бараткан “Хонда Фит” деген машинаны милийса акелер токтотуп текшербейби. Ырас гана токтоткон экен да! Машинада жүргүнчү болуп чалкалап кетип бараткан Балыкчы шарынын тургуну А.Ага тиешелүү 11 кг. 989 гр. марихуана, 557 гр. гашиш табылган. Бу бангизаттар Бишкекке жетип берсе, толгон акча болмок экен да бангилердин саны өсмөк экен!