Откон жума соңунда америкалык “Caterpillar” машина куруучу ири корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы расмий дилери, “Борусан Макина Казахстан” ишканасы, “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен биргеликте Балыкчы шаарына салган тоо-кен техникаларын жана жабдууларын тейлөө боюнча сервис-борборунун ачылыш аземи болуп өттү.
Сервис-борбор “Кыргызалтын” ААКнын “Автоунаалар ишканасы” филиалынын аймагында жайгашкан. Өндүрүштүк аянттын жалпы көлөмү 500 чарчы метрден ашык. Сервис-борбору техникалык тейлөө боюнча дүйнөлүк стандарттарга толук жооп берет жана азыркы учурда Кыргызстандын аймагында жалгыз тоо-кен техникаларын тейлөө борбору болуп эсептелет.
Өлкөбүздүн бардык тоо-кен өнөр жай ишканалары, анын ичинде ири тоо-кен ишканасы болгон “Кумтөр” сыяктуу ишканалары бардык тоо-кен техникаларын өлкөдөн сыртка чыкпай туруп, кыска мөөнөттүн ичинде сапаттуу оңдотууга мүмкүнчүлүк алышты. Ал «Кыргызалтын» ачык акционердик коому жана «Борусан Макина Казакстан» компаниясы менен биргеликте ишке ашты. «Кыргызалтындын» жетекчиси Алмаз Алимбеков: articulo 22.
— Бул тоо кен техникаларын оңдоочу эл аралык компания. Анын Балыкчы шаарында бөлүмү ачылышы Балыкчыга чоң экономикалык пайда алып келет. Салык түшөт, жумушчу орундар пайда болот. Эң негизгиси, бул Кыргызстанда биринчи жолу ачылып жатат— деп билдирди.
Ишкана мамлекетке жыл сайын 1 млн. сомго чейин салык төлөйт деп болжолдонуп жатат.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын тегерегиндеги кен байлыктарында иштеген техникаларды ушул жерден оңдотуу мүмкүнчүлүгу пайда болуп жатат. Бул Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө дагы салым кошот деп ойлойбуз. Балыкчы шаарынын тургундары дагы иштесе, бир топ үй-бүлөлөр материалдык шартын жакшыртып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.“Борусан Макина Казахстан” компаниясынын генералдык директору Бюлент Атар бул самаалык боюнча:
—Ушундай борбордун ачылышы Кыргызстандын рыногунун тейлөө ишине өсүшүнө кепилдик берет. Бул компания Кыргызстандын бюджетине 1 млн. сом салык түрүндө пайда келтире баштады. Биш иштеген адамдарын санын 9дан 180ге жеткирдик. Бул акыркы чек болбойт. Дагы өсүштөр болот. Аз адам менен атаандаштык күчтүү боло албасын билебиз. Биздин жумушчуларбызга инвестиция тартышыбыз керек. Бул маселе боюнча бүгүнкү күндө 500 миң доллар каражат сарптадык. Мындай алгылыктуу иштер дагы да улана бермекчи – деп билдирди.
Ишкана Caterpillar үлгүсүндөгү гана оор техникалардын жабдыктарын оңдоп түзөөгө ылайыкташтырылган. Мындай үлгүдөгү техникалар көбүнчө «Кумтөр» кенинде иштейт. Буга чейин алар бузулган жабдыктарды Казакстан жана андан башка өлкөлөргө алып барып оңдотуп турушкан. Кыргызстандан 10дон ашык адис Казакстандын Карагаганда шаарынан атайын окуудан да өтүп келишкен экен.
«Кыргызалтын» ишканасы эгер тоо кен техникаларын оңдотууга суроо-талап көп болсо компания кеңейтилээрин билдирди. Сервис-борбордо бардык коопсуздук чаралары көрүлгөн. Жумушчулар 15 күндөн вахталык усул менен иштешет. Мына ушундай самаалыктар өлкөбүздү көп боло берсин, элибизди кубантып.