Балыкчыда аялды баласынын көзүнчө зордуктоого байланышкан бул окуя учурунда Кыргызстанда абдан чоң талкуу жараткан болчу. Зордукталган аял: «Беш жашар уулум ошол убакта автоунаанын ичинде калып, кыйкырып жатты. Зордукчу андан кийин баламды автоунаадан ыргытып жиберип, укук коргоо органдарына кайрылсам өлтүрүп сала турганын айтып коркутуп туруп кетип калды» — деп айтып берген.
Мындай жагымсыз окуядан кийин аялды кордогон эки аяктуу айбанга кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында ал үч жылга эркинен ажыратууга кесилген эле. Учурунда аталган кылмыш иши боюнча Тоң райондук соту мамлекеттик айыптоочу сурангандай кылмышка айыпталуучуну 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуунун ордуна акылы тумандаган аңгини райондун соту Сабыр Соодонбеков 3 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарды. Бул “айкөл” сот мындай гумандуу чечимин зордукчу жигиттин эки баласы бар экени жана мурда соттолбогондугуна байланыштырган. Соттун бул өтө “акыйкаттуулук” менен чыгарган чечимине нааразы болушкан активисттер Тоң райондук сотунун судьясынын кайра каратып, ага каршы териштирүү уюштуруш үчүн кол топтоп, учурда анын саны 1000ден ашыптыр.