Домой Ден-соолук Балдар психологу: апасынын таяк жегенин көрүп өскөн кыз атасындай күйөөгө жолугат

Балдар психологу: апасынын таяк жегенин көрүп өскөн кыз атасындай күйөөгө жолугат

15
Психологдун айтымында, баланын алгачкы 7-8 жылы анын бүтүндөй өмүрүнө таасир берет. Буга алгач эле ата-эненин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана айлана-чөйрөнүн таасири чоң.

Ар бир ата-эне балдар психологиясынын табиятынан кабардар болуусу абзел. Бул алардын жан дүйнөсүн түшүнүүгө жардам берип, көпүрө болуп берет. Негизи эле балдарга кандай мамиле жасоо керек? Балдардын психологиясына оң жана терс таасирин берүүчү жагдайлар кайсылар?

Дал ушул суроолорго жооп алуу максатында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы психолог, Транзакттык анализдөө европалык ассоциациясынын мүчөсү Илдар Акбутин менен маек даярдаган.

— Балдар психологиясынын өзгөчөлүгү эмнеде?

— Негизи бала 7-8 жашка чейин маалыматты логикалык жактан байланыштырып, ой жүгүртө албайт. Мисалы, столдун үстүндөгү тасмалды тарткылаган баласына энеси ысык чайнек кулап, бала күйүп калбасын деп ага кыйкырып жибериши мүмкүн. Ал эми бөбөк “апа-чайнек-бала” деген үч сөздүн логикалык байланышын түшүнө албайт. Ал апасынын кыйкырганын көрөт да, бирок анын тынчсыздануусун аңдабайт. Тескерисинче, аны күнөөлөп жаткандай кабылдайт. Мындан улам наристеде коркуу сезими пайда болот.Ошол себептен 6-7 жашка чейинки балдарга нотация окуп, ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кереги жок. Аң-сезими даяр болбойт. Себеби айтсаң деле нары барып кайра ошону жасайт. Бала сиз айтып жаткан нерсе менен айланада болуп жаткан нерсенин байланышын көрбөйт. 7-8 жаштан баштап гана балдардын мээси толук кандуу иштеп, “апам мени чайнекке күйүп калбасын деп тынчсызданууда, демек, мени жакшы көрөт” деп ой-жүгүртүүгө жарап калат. 7 жашка чейинки баланы тыйып, түшүндүрө берүү менен аны жедеп коркок кылып же чүнчүтүп жиберүү мүмкүн. Ал эми корккон баланы башкаруу ата-энелерге оңой, бирок бул гумандуу ыкма эмес. Болгону үйдө баланын коопсуздугуна ылайыктуу шарт түзүп бергенибиз оң. “Мындай кылсаң, сени бокочо жеп кетет же мен анда кетип калам” деп айтуу аны коркоктукка, өз оюн айталбаган чоркоктукка, чечкинсиздикке тарбиялайт.

— Бала кичинесинде алган психологиялык соккудан чоңойгондо арыла алабы?

— Кичине кезинен алган психологиялык жараат 40 жашка чейин деле жашай бериши мүмкүн. Наристе ата-энесинин таасиринен улам коркконго, кейигенге, жалгыздыкка үйрөнсө, бул анын бүтүндөй жашоосуна таасирин берет. Ошондуктан балдардын психологиясы психологиянын фундаменти деп эсептелет. Ал ички көйгөйдүн башаты болуп калат. Эгер кичине кыз атасынын апасын урганын көрүп чоңойсо, ал үчүн бул мыйзам ченемдүү көрүнүш катары калыптанат. Ошол себептен кыз өз турмушунда ушундай мамиле жасай турган күйөө табат. Себеби бул ага тааныш психология. Муну ал нормалдуу көрүнүш катары кабылдап, үй-бүлөлүк запкыга чыдап жашай берет.Жаш балага бир нерсени түшүндүрүү максатында кыйкырып же “мен сага 10 жолу айттым” деп какшагандын кереги жок. 7 жашка чейин бала баары бир сиз каалагандай түшүнө албайт. Бара-бара ал какшаган сөздү аңдаса да, уккусу келбей калат. Мында ата-эне баласы менен мамилесин бузуп алышы мүмкүн.

— Ата-энесинин тыйып, көп эскертүү бере бергенинен бала стресске кабылабы?

— Психологдордун эсеби менен бир сааттын ичинде апасы балага “абайла, жыгыласың, нары тур” деген өңдүү 80 жолу эскертүү берет экен. Балага “түшүнбөйсүң, акмаксың, колуңан келбейт, келесоо” деп айткан негатив сөздөр мээсине жазыла берет. Анан кайра бөбөктүн демилгелүү эместигине, эмоциясынын жоктугуна, түнт болуп калганына таң калабыз. Ар бир айткан сөз баласынын мээсине жазылып жатканын эне түшүнүшү керек. Бала деген — ата-энесинин түшүмү. “Апасы” деп көп айтып жатам, бирок бул жоопкерчиликтин көбү энеде дегендик эмес. Аял эркекке караганда бала менен көп убакыт болот. Балага да алгачкы жылдары психологиялык жактан апа керек, андан кийин атанын ролу маанилүү. Эненин маанайы, күйөөсү менен урушканы баары балага таасир берет. Бөбөк сезип турат.

— Акыркы кезде ата-энелер кандай маселелер менен кайрылышууда?

— Азыр балдар көйгөйүнүн көбү мектеп менен байланышат. “Окугусу келбейт”, “оку, телефонду караба, эрте жат десем болбойт” деген апалар көп келет. Экинчи орунда ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле боюнча кайрылгандар арбын. “Ал мени укпай жатат. Түшүнбөйт, тил албайт, үйдөн качат, акча уурдайт, апасына кыйкырат” деген өңдүү үй-бүлөлүк маселелер.

Көбүнчө энелер баласы сабак билбесе эле “чоңойгондо жакшы адам болбой калат, жашоодо эч нерсеге жетишпей калат. Ичкич, бузулган адам болуп калабы? Жаман эне атыгам, күнөөлүү болом” деген бүтүм чыгарышат. Бул жаңылыштык.

— Бала окугусу келбей, жаман окуса деле жайына коюу керекпи?

— Алгач анын эмнеге окугусу келбегенин билүү керек. Балдар ар кандай болот. Кээ бирлери окуганга жөндөмү жок же кызыкпайт. Айрымдарга окуудан көрө бир нерселерди кураштырып жасоо кызык болушу мүмкүн. Андайларды “оку” деп кыйноо зарыл эмес. Генинде окууга жөндөмү жок болсо, ал баары бир окуй албайт. Мажбурлоо менен окуудан такыр алыстатып алуу кооптуулугу бар. Алгач алардын табиятын таанып-билишибиз керек. Мүмкүн ага мектеп жакпайттыр, классташтары же мугалим менен мамилеси келишпейт чыгар. Учурда мамлекеттик мектептерде окуучулардын саны абдан көп. Бир класста 40-50дөн окуучу окуп жатат. Ушул жагынан алганда кээде жеке мектептерге окууга берүү маселени оң жагына чечет. Бирок бул маселени чечүүнүн башкы критерийи эмес.Баланын окууга жөндөмдүүлүгү кичинесинде эле байкалат. 4-5 жаштагы бала: “бул эмнеге мындай?” “эмне үчүн?” деген суроолорду көп берсе, демек, ал баланын билимге ынтызарлыгы бар. Ошол кезинен баштап туура багыт берүү абзел.

Эгер эне баласы менен дайым байланышта болсо, анда баласынын көйгөйүн, кыйнаган маселесинин себебин билет.

— Ата-энелерге кандай кеңеш берет элеңиз?

— Жогоруда айткандай, адамдын алгачкы 7-8 жылы психологиянын фундаментин түзүп берүүчү өтө маанилүү учур. Биз ал фундаментке канча күч, каражат, эмгек жумшасак сапаты да ошондой болот. Кээ бирлер баланы тартиптүү кылуу максатында кичинесинен эле катуу тарбиялап баштайт. Мындайлар ар кыл эрежелер менен баланын психологиялык фундаментин талкалап алышы мүмкүн. Биз баланы алгач тамак, кийим, оюнчуктан мурун сүйүүгө тойгузушубуз керек. Кээ бир ата-энелер эрке кылып албоо үчүн баласын эркелеткенден коркушат, бирок эркелик мындай сыпатталбайт. Эгер сиз балаңызды жөн гана сүйсөңүз, бала мээримге, сүйүүгө толгондо, сизге сүйүүсүн, мээримин чачат. Бул баланын көп ийгиликке жетишин шарттайт. Мисалы, 15 жаштагы өспүрүм курбулары ичимдик ичкени жатса ал “мени ата-энем абдан жакшы көрөт, мен болсо минтип жатам” деген ойлор менен ар кандай жаман адаттардан оолак болот. Биз аларды уруп, катуу тарбияласак, ал болгону коркот. Бала — бул инвестиция. Айырмасы — биз балага акчадан мурун сүйүү, мээрим жумшайбыз.

Булак: Спутник