Евлоев мүчө болгон “Кушт” ингуш спорт клубу расмий билдирүү жасады.
“Массалык маалымат каражаттары биздин мушкер Муслим Евлоевдин Назранда атайын операция учурунда өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат таратты. Бул маалымат чындыкка дал келбейт, өлтүрүлгөндөрдүн арасында Евлоев болгон эмес”,- деп айтылат клубдун билдирүүсүндө.
Белгиленгендей, спортчу тирүү жана кармалган эмес, бирок ал азыр кайда экендиги так айтылбайт.
“Биз жакшы кабарды жана Муслим Евлоевдин мекенине кайтып келишин күтүп жатабыз. Биз анын күнөөсүз экендигине ишенебиз“,- деп белгиленет билдирүүдө.
Ал эми Кыргыз улуттук курама командасынын машыктыруучусу Руслан Мажинов, 25 жаштагы Муслим Евлоев өлбөгөнүн жана эч кандай кылмыштуу топтор же түзүлүштөр менен байланышы жок экенин билдирди.
“ЖМКларда тараган маалыматтар Муслим Евлоевге гана эмес, бүткүл кыргыз спортуна тиешелүү. Бул эл аралык аренада биздин имиджди бузат. Муслим Евлоевдин өлтүрүлүшү жана анын кандайдыр бир кылмыштуу топторго катышканы жөнүндө маалымат чындыкка коошпойт”, – деди Руслан Маджинов.
Ал белгилегендей, спортчунун алыскы тууганы жана анын аты-жөнү толук окшош (тезка) Муслим Евлоев терроризмге каршы операция учурунда окуя болгон жерде болгон. Ошондон улам мындай туура эмес маалымат тарап кетиши мүмкүн.
Бардык туугандары ФСБ тарабынан күбө катары суракка чакыртылып, анын ичинде Муслим Евлоев дагы барган. Тергөө аракеттери жүрүп жатат деди машыктыруучу Руслан Маджинов.
Булак: eldik.media