Домой Коом Балбак Түлөбаев: «Гуля мени деле сөккөн…»

Балбак Түлөбаев: «Гуля мени деле сөккөн…»

29
Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаеа «Гуля Алманбетованы кечирип койгулачы. Актанбайм. Мени деле сөккөн. Айкөл эл эмеспизби. Ага азыр өтө оор болуп атат. Адамдык ахыбалы. Эки оору бир келсе ажалыңын жеткени дейт. Ага өтө оор болуп атат. Четинен ооруганы ооруп чогулуштан талып жыгылып атабыз. Актанбайм, доомат да койбойм.
Суранам, кечирип койгулачы. Кийин териштирип алабыз. Азыр элдин оор жүгүн аркалайлы. Элди багалы. Мындайды көргөн эмеспиз. Нерв чыдабай кетип атат. Өзү деле кыйналып бармагын тиштеп жүрөт. Мен тогуз бир тууганмын. Ал да көп балалуу үй бүлөөдөн. Кетти андан бир катачылык. Бирок боорукер жан.
Баардык энелерден, көп балалуу үй бүлөөлөрдөн кечирим сурайбыз. Бийиктик силерде болсун»-, деп жазды.

Гуля Алманбетованы кечирип койгулачы. Актанбайм. Мени деле сөккөн. Айкөл эл эмеспизби. Ага азыр өтө оор болуп атат….

Опубликовано Балбаком Тулобаевым Суббота, 18 апреля 2020 г.