Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев интернет баракчасына «Инфекциялык оорукана толду. Балээ Бишкекке элдин арасына кирип бара жатат. Ушуга чейин жакшы кармадык. Дагы эле бири бирибизди уксак кармасак болот. Аралыкты сактап, эл көп чогулган жерден маска кийели. Колду жууп, оозду чайкап туралы. Колдон келсе иш жок болсо айылга бара турган оң»-деп билдирүү калтырды.
Бүгүн Ооруканадагы 19 медициналык кызматкерге COVID-19 жуккан.
Саламаттык сактоо министрлиги бул мекеме жабылса резерв катары «Кыргыз темир жолу» ишканасынын ооруканасын жугуштуу оорулар үчүн даярдаган. Коронавирус аныкталган бейтаптар эми ошол жайга жөнөтүлөт.
Булак: Багыт
https://www.facebook.com/photo.php?fbid=3196575223719808&set=a.345032728874086&type=3&theater