Домой Коом Балбак Түлөбаев: Айтсак ишенбейсиңер. Жаман нерсе болсо эле башкасы күнөөлү

Балбак Түлөбаев: Айтсак ишенбейсиңер. Жаман нерсе болсо эле башкасы күнөөлү

1283

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына элге кайрылып, 5G тууралуу жазып чыкты.

“Калайык! Эми эмне дейм. Көтөргөнүңөр акыркы модель телефон. Сүйлөсөк жалаң сын пикир, имиш. Айтсак ишенбейсиңер. Бир жаман нерсе болсо эле башкасы күнөөлү. Такыр өзүбүздөн көрбөйбүз.
«5G» деген система биз эмес өнүккөн көп өлкөгө келе элек. Бүт интернет, телефон антеннанын баарын сындырып бузуп талкалап атасыңар. Кудай урбадыбы, эми кайда барабыз. Кичине билгенден же ошол эле көтөрүп жүргөн телефондун ичинде “Гугл” деген бар ошондон сурап койсоңор боло. Айтып какшап атсак укпай атып мына эми ушуга келдик. Вирус боюнча . Өтөөрү өттү. Эми врачтарга кеңешкиле анан дары ичкиле. Жөн эле ар кайсыны иче бербе. Өтүшүп кетип оорлошот анан.
Аллах акыл эс берген ошону колдонуп жаша деп. “Ал айыктырат” деп үйдө жата бербе. Эл көп жерде беткап кий, той-ашка барба. Колуңду жуу. Какшатпа. Өзүң үчүн күрөш. Бала чакаң үчүн, сүйгөнүң үчүн»,-деп  мэриянын аппарат башчысы билдирүү калтырды.