“Эшек!”, “Кебетең кантет, чочко!”, “Ары турчу, колуңан бок да келбейт!”, “Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” ж.б. Бул сөздөрдү бир күндө миң жолу укчумун. Ата-энем турса да, мээримге зар болуп чоңойдум. Алар мени эркелетип, жакшы көрөрүн айтышчу эмес.
Кичинемде көз жашымдын баарын төгүп койгон окшойм, азыр ыйлай да албайм.
Кокустан чыны сындырсам же тамак төксөм, дароо бекиткенге шашчумун. Байкалбай калса, кудай сактады, болбосо токмок жечүмүн. Бара-бара жалган сүйлөчү болдум. Атайылап эмес, алардан коркконум үчүн калп айтчумун.
Атам менен апам “эшек” десе, чындап эле эшек окшоймун деген ой келээр эле. Классташтарымдын арасында басынып, оюмду ачык айта албай, сабакты билип турсам да жооп бербей, доскага чыккандан уялчумун. Ар дайым муңайып жүргөндүктөн досторум да жок болчу. Эч ким мени менен сүйлөшпөчү.
Досторум ата-энесине эркелеп жатканын көрүп ызаланчумун. Менин алардан эмнем кем деген суроом жоопсуз калчу.
Бой жеттим. Студент болдум. Дагы эле баягыдай өз оюмду ачык айта албайм. Элдерден жалтактап турам. Көздөрүнө тике карай албайм.
Эстесем, ата-энем бир да кылган ишиме ыраазы болуп, сен мыктысың, кийин чоң адам болосуң деп айтышпаптыр.
Бир күнү университетке психолог келип тренинг өттү. Ошондон кийин мен нормалдуу эмес экенимди билдим. Көрсө өзүмө болгон ишенбестиктин түбү тээ бала чагымда жатыптыр. Көп уруш жеп жүрүп жалтак болуп чоңоюп калыпмын.
Ата, апа, мени багып чоңойтконуңар үчүн чоң рахмат, бирок, “эшек” деп көп айтчу элеңер, эшек болдум.
Ата-энемди баары бир жакшы көрөм. Айыптабайм. Балким, аларды да жаш кезинде ата-энеси ошентип урушкандыр. Бирок, мен эч качан баламдын өзүмө окшош болушун каалабайм.
Учурда психологго барып жатам. Жылыш бар. Курсташтарым өзгөрүп баратканымды айтышат.
Балаңызды “эшек” десеңиз, эшек болот
Балдарга таалим-тарбия берүүдө үй-бүлөнүн ролу чоң. Үй-бүлөдөн алган тарбия адамда өмүр бою сакталат. Баланы туура тарбиялоо тууралуу Балдарды коргоо борборунун психологу Таалай Жакыпов ой бөлүштү.
Балдарга тыюу салган болбойт
10-11 жашка чейин эне менен баланын ортосунда тыгыз байланыш болот. Энеде эмне гана болбосун, анын баарын бала сезет, кабыл алат. Ата-эненин оозунан чыккан сөз же каргыш, же ак бата болот.
“Колуңан эч нерсе келбейт”, “Эшек» «Чочко” деп катуу айтып тилдөө балага гипноз сыяктуу “сен ошондой бол” дегенге жатат.
Баланы кантип кысабыз?
“Эмнеге ал жакты карап жатасың, түз бас” — көзүн таңдык,
“Сүйлөбөй отур” — оозун жаптык,
“Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” — кулагын жаптык,
“Ыйлаба” — сезимдерин таңдык.
Мындай мамилебиз менен баланы катуу ороп коёбуз. Тыюу салуулардан алыс болуп, ата-эне оозуна караш керек. Айткан сөзүнө маани берип жүрбөсө ошонун баары балага таасир берет. “Сенин колуңан эч нерсе келбейт” десек, бала “менин колуман эч нерсе келбейт турбайбы” дейт. “Менин балам татынакай, тарбиялуу, ыймандуу” деп айтсак, балада “мен сулуумун, акылдуумун” деген ой пайда болот.
Эң негизгиси балага көңүл буруп, мээрим төккөндү үйрөнөлү. Мээримди көз, сөз жана дене менен беребиз. Аалам ага душман эмес, дос экинин билдирүү керек. Биз канчалык кучактап, бетинен өөп, “мен сени жакшы көрөм” деп айтсак, бала ошончолук айлана-чөйрөнү кабыл алып, бактылуу болуп чоңойот.
Интернеттен алынды