Домой Пайдалуу кеңеш «Balance»тын сиз биле элек 10 функциясы

«Balance»тын сиз биле элек 10 функциясы

114

 

                29693481_10213500286998859_1566087225_o

Троллейбуста жүрүүгө 1 сом, пайдалуу кичинасыялар, насыялар жана арзандатуулар.  Сиздин жашооӊузду жеӊилдетип, каражатыӊызды сактай турган «Balance» уюлдук капчыгынын функциялары туурасында айтмакчыбыз.

Долбоор тууралуу

Жаӊы тейлөө абоненттердин жашоосун бир топ жеӊилдетет. Жүктөмөнү (приложение) жүктөп алып өзүнүн балансын электрондук капчык сыяктуу колдонуп, ар кандай төлөмдөрдү да төлөөгө болот. «Balance» кызматынын кызматтары көп: коммуналдык төлөмдөрдөн баштап, троллейбуста жүрүүдө жана насыяларды каттоого чейин.

“Биз «Balance»ты өзүнчө алынган өндүрүм катары эмес, көптөгөн өнөктөштөрдү тарта ала турган платформа катары карап жатабыз. Учурда“Дос-Кредобанк”, UMAI жана “TEZАКЧА” биз менен иш алып барып жатышат” – деди Beeline компаниясынын санариптик жана каржылык тейлөө кызматынын башчысы Эрмек Акенеев.

Кантип иштейт?

www.balance.kg сайтына кирип же болбосо Android же iOS платформадагы телефонго жүктөмөнү көчүрөсүз. Катталуу процесси бир мүнөткө жетпеген убакытты алат. Номериӊизди жазасыз, андан кийин аныктоочу  SMS келет. Колдонуу эрежелери менен таанышып, ага макул болсоӊуз сизге бардык төлөмдөргө кирүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.

«Balance» колдонуу үчүн Интернетке туташуу керек.

«Balance» жүктөмөсүнөн кантип көп алуу тууралуу айталы.

Троллейбуста пайдалуу жүрүү – 1 сом

Beeline компаниясы Бишкектин троллейбус башкармалы менен бирге алып барган долбоордун алкагында шаардыктар троллейбуста пайдалуу жүрө алышат. Күн сайын шаардыктар жана шаардын коноктору троллейбустарда болгону 1 сом менен жүрө алышат. Жол кирени төлөө үчүн болгону өзүӊүздүн смартфонуӊузга «Balance» жүктөмөсүн көчүрүп, анын жардамы менен троллейбустун чыгуучу эшигинде илинип турган QR-кодду сканерлеп, айдоочуга төлөнгөн чекти көрсөтөсүз. Ал чекти көрсөтүү үчүн биздин редакциянын болгону 5 секунд убактысы кетти. Чындыгында, азыр андай акция №14 жана №11 троллейбустарында гана иштеп жатат.

“Тесттик режим аягына чыккандан кийин 1 сомго троллейбуска түшүү бардын троллейбустун линияларында иш жүзүнө ашат. Азыр маршруттарда биздин промоутерлерибиз айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө биздин жүктөмөнү колдонууда жардам берип иштеп жатышат”, — деп «Balance» кызматынын product owner адиси Айгерим Матамирова түшүндүрмө берди.

ЖЖЭ (ПДД) бузгандыгы үчүн айып пул төлөө

Кандайдыр бир айып пулду ошол замат төлөө керек болуп калган учурда айып пулду телефон аркылуу төлөөгө болобу? — деген суроо туулат. «Balance» менен төлөөнүн багытын тандап, эч кандай комиссиясы жок эле которо аласыз.

Унаа токтотуучу жайга төлөө

«Balance» кызматында телефон аркылуу Исанов жана Киев көчөлөрүндөгү унаа токтотуучу жайлардын төлөмүн төлөө мүмкүнчүлүгү бар.  Ал үчүн жеке кодду жүктөмөгө киргизесиз. Төлөөдө комиссия алынбайт. Баары жөнөкөй жана ыӊгайлуу.

Акча которуулар

Өзүӊүздөн эсептен  досторуӊуздун, туугандарыӊыздын «Balance» уюлдук капчыгына акча которо аласыз. Анан дагы бул коопсуз! Капчык аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн бардыгы азыркы заманбап коопсуз стандарттарга жооп берет.

Кайрымдуулукка катышуу

«Balance» – жакшы иштер үчүн ыӊгайлуу тейлөө. Жакшы адамдардын кайрымдуулук иштерине катышуусуна да жардам берет. Бул аянтча кайрымдуулук процесстерин жеӊилдетет. Бардык кайрымдуулук коомдору бул жакта чогулган.

«Помогать легко» кайрымдуулук фондунун башчысы Динара Алева 4 жылдан бери каражат чогултууга кыска номердерди киргизүү үчүн чуркап жүрөт. «Balance» сыяктуу уюлдук капчыктардын тейлөөсү мыкты альтернатива болду. Анын айтымында дал ушундай тейлөө ыкчам жана өз убагында муктаждарга жардам берүүгө өбөлгө түзөт. Жакын турган банкка баргандан көрө телефондогу жүктөмөнү карап койгон абдан оӊой.

Насыя алуу

Жүктөмөгө жакынкы күндөрү МФК АБН -ТМ “TEZАКЧА өнөктөшүбүз менен биргеликте өзүӊүздүн электрондук капчыгыӊызга 1000 сомдон 5000 сомго чейинки кичинасыяларды  алуу кызматы киргизилет. Андан кийин колдонуучуда кичинасыяларды абдан ыӊгайлуу шарттар менен алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. 20 микрокредиттик компанияларга арыз таштап, алардын ичинен өзүӊүзгө ыӊгайлуусун тандап алсаӊыз болот.

Насыяларды ыӊгайлуу жабуу

«Balance» электрондук капчыгы аркылуу насыяны төлөсө болот. Төлөө үчүн оор финансылык операциялардын кереги жок. Бардыгы оӊой жана түшүнүктүү. «Balance» комиссия албайт.

“кыргызстанда 200 миӊ кичинасыя алуучулар бар. Алардын көбү алыскы райондордо жашайт. Насыяны төгүү үчүн ай сайын алар райондун борборлоруна барышат. Ошону менен насыяны эле жапкандан сырткары  барып келген жол киреси үчүн 300 сомго чукул акчасын коротушат.  Көбүнө бул чыгым болот. Ошондуктан биз электрондук капчыгыбызга микрокредиттик компаниялар менен насыя төлөө функциясынын кызматын киргиздик. Кардарларга ыӊгайлуу болуш үчүн өнөктөштөрдүн саны көбөйөт. Мындан ары насыяны төлөөгө бир көз ирмемдик убакыт кетип, башка чыгып кетпейт” – деп Эрмек Акенеев баса белгиледи.

Интернет үчүн төлөө xanaflex online.

Жакынкы күндөрү Интернет үчүн төлөө көйгөйлүү болуп калды. Megaline жана Акнет сыяктуу белгилүү провайдерлер төлөө терминалдарынан жоголуп кетти. «Balance» бул маселени чечип, бардык провайдерлерди өзүнүн жүктөмөсүнө киргизди. Ошону менен катар, башка терминалдардай болуп «Balance» ар бир төлөмдөн акча албайт.

Киного билет сатып алуу

«Balance» кызматынын тейлөөсү аркылуу киносеанска билет алууга болот. «Синематика» кинотеатрларынын сайтына кирип, билет алууда төлөө жолун «Balance» жүктөмөсү аркылуу дегенди тандайсыз.

Арзандатуулар (скидки)

Жүктөмө өзүнүн колдонуучуларына атайын акцияларды жана арзандатууларды сунуштап турат. (Алар маал-маалы менен кызматтын функциясында пайда болуп турат). Мисалы учурда Chop Chop барбершопто 10% арзандатуу жүрүп жатат.

«Balance» жүктөмөсүндө Scrum принциби орнотулган. Бул деген команда кардарларына көп убакыт коротот деген сөз. Биз кардарлардын суранычтарын угуп, аларды аткарабыз. Эгер колдонуучулар жашыл баскычтын ордуна кызылды орнотууну суранышса, биз аны аткарабыз” – деп белгиледи Айгерим Матамирова.

Маалымат үчүн: Scrum – тайм-менеджменттин принциптеринин негизинде тургузулган долбоорлорду башкаруунун методологиясы. Мунун өзгөчөлүгү бардык катышуучулар процессте болуп, алардын ар биринин атайын аткарган ролу болот. Мазмуну, бир команда маселени чечпей, андагы кызыктар болгон колдонуучулар да аралаша алат. Жүктөмөнү коюп эле эс алып калбай дайыма команда менен иш алып баруу. Бул дайыма текшерүү, контролдоо дегенди түшүндүрбөйт.