—Бакыт мырза, эки жылдан бери бизде Саймаитинин Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Сопоковдун машинасын айдап жүргөн учурда өлтүрүлүшү кызуу талкууга алынды. Бул чуулгандуу иш боюнча пикириӊизди уксак…
—Чынында бул чулгандуу иштен улам мамлекеттин имиджине катуу эле доо кетти. Саймаити өзү издөөдө деп айтылганы менен Стамбулда ачык эле жашап, болгондо да биздин консул менен мамиле түзүп, анын машинасы менен жүрүп, душмандары тарабынан өлтүрүлдү. Кылмышкер катары издөөдө жүргөн адам консулдун машинасын айдайт деген эмне тамтык. Мындан артык кандай теӊирден тескери иш болушу мүмкүн. Бийлик бул маселеге кош көӊүл болбой, тийешелүү деӊгээлде чара көрүшү керек. Жазага тартыла турчу адамдар убагында жазага тартылса башкаларга да үлгү болот деген ойдомун.
—Сопоков биринчи кезекте жоопко тартылышы керек эле да…
—Ошону айтам. Бул жерде Тышкы иштер министрлиги күнөөлүү. Сопоков кылган ишине жооп бериши керек. Эгер ал жоопко тартылбай жүрө берсе, анда бул иште дагы андан да даражалуу атка минелер аралашканбы деген ойлор туулат.
—Бул чулгандуу иш боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Буга чейин андай комиссиянын миӊи, керек болсо миллиону түзүлгөн. Аталган комиссия эмне жыйынтык чыгара алат деп ойлойсуз?
—Эл күткөн жыйынтыкты чыгара алат деп айтуу кыйын. Деги эле депутаттык комиссия башында туура эмес түзүлүп, элдин нааразычылыгын жаратып койду. Ошондон улам Искендер Матраимов менен Алтынбек Сулаймановдун комиссиядан чыгып кетишкени туура болду деп эсептейм. Комиссия иштин чоо-жайын иликтеп, иштеп көрүшсүн. Жыйынтыгын көрөбүз да. Бир жыйынтык чыгарышпаса, силер журналисттер чубап чыгасыӊар да… Көрүп жатпайбызбы, көп кылмыштуу, коррупциялык иштерди басып койгон учурда журналисттер иликтеп ачыкка алып чыгып жатышпайбы. Бул жолу дагы журналисттер абдан активдүү иштеп баарын ачыктаганга чоӊ салым кошушат деген ишеничтемин.Негизи Кыргызстанда Саймаитиге окшогондор, акча ташып, контрабанда менен шугулданып, жогорку жактагылардын ишин тымызын аткрагандар көп эле. Жалгыз эле Саймаити болчу деп айтсак чындыкты жашырган болуп калабыз. Бул жагы элге да, укук коргоо органдарына да белгилүү. Мына ушул маселе боюнча катуу чара көрүлүшү кажет.
—Шайлоо боюнча жаӊы мыйзамга, андагы 9 пайыз эрежеге макулсузбу, же каршысызбы?
—Ал мыйзамды убагында өзүбүз кабыл алганбыз да.
—Азыр ошо кабыл алгандардын көбү каршы чыгып жатышат го…
—Ооба. Каршы чыгып жатышат. Кабыл алып жатканда мындай ой болгон эмес да. Баары заманга, элдин талабына жараша болот да. Заман да өзгөрүп, талаптар да улам алмашып жатпайбы. Кабыл алынып калды, эми өзгөртүлүшү кыйын. Ушул бойдон эле калат го. Азыр өзүбүз кабыл алып коюп, кайра каршы чыккандар катуу сынга кабылып жатпайбы. Эгер өзгөртөбүз дешсе, ал жагын да байкайбыз да.
—Казино маселесин кеп кылалы. Өткөндө УКМКдан 200 миӊ доллар жоголду делип, аны тергөөчүлөр казиного уттуруп жиберишиптир деген кеп кетпедиби. Андан тышкары, айрым кесиптештериӊиз казинону жандантуу, ал оюнга кайсы бир деӊгээлде уруксат берүү маселесин ачык эле айтып жатышат. Мунун баары эмнеден кабар берет?
—200 миӊ доллар боюнча маалымат так болгон жок окшойт. Анткени кашайган далилдерди көрө албадым. Бирок ошончо акчаны казиного уттурду деген сөзгө мен таӊ калбайм. Акчасы бар байлар андан көп акчаны деле казиного уттуруп келишкен. Мына биз казиного тыюу салуу боюнча мыйзамды иштеп чыгып, анын кабыл алынганына бир топ жыл болуп кетсе да, акчасы көп кумарпоздор көмүскө да, көрүнө да ойноп келишет. Муну эл дагы, укук коргоо органдары дагы жакшы билет. Эмне үчүн эмдигиче казинолор көмүскөдө иштеп жатат? Анткени кызыкчылык абдан чоӊ. Ал эми айрым кесиптештерим казинолорду мыйзамдуу иштетүүгө кызыкдар болуп жатышканы да бекеринен эмес. Салык толтурабыз деген шылтоону айтышат. Салыкка түшпөй солго кетип жаткан миллиондорду түз жолго буруп алса эле салык толот. Өкмөт башчы бул ишти колго алып, тыкыр көзөмөлдөсө эле салык толот. Тилекке каршы, ошол ишке күчү жетпей жатпайбы. Мен буга чейин айтып келгем, дагы айтайынчы. Мага өкмөтпү, айтор мамлекет тараптан ишеним көрсөтүлүп көмүскөдөгү кумарканаларды жабуу боюнча атайын укук беришсе 5-6 адам мененэле казинолорду тыптыйпыл токтотуп тазалап, тыйып коймокмун. Кумарчыларды Кыргызстанда эмес чет мамлекеттерге барып кумар ойногудай кылып коёт элем. Ошондо укук коргоо органдарына кантип тазалаш керек экенин көрсөтмөкмүн. Укук коргоо органдары кызыкдар болсо заматта тыйып, тартипке алып коюшмак. Эмнеге дегенде өздөрү казинолордун иштешин тымызын колдошот. Анткени, өздөрү жеӊ ичинен колдоп, алчусун алып турушат да.
—Айрым кесиптештериӊер Атамбаев камалса эле өнүгүп кетет деп айкырып чыгышты эле. Августта эле камалды эле. Өнүгүүнү койдук, жакшы иштердин жышааны угулбайт го…
—Ошентип айткандар айткан сөзүн деле унутуп калышса керек. Айтып коёюн, жагынып алайын дешти да. Сөз менен эс нерсе чечилбейт да. Мен ал сөздү кошоматчылык катары эле баалагам. Бир жарым, эки жылдай Атамбаев менен алек болду, анан ал иш Кой-Таш окуясы менен аяктады. Алдыда дагы президенттин убактысы бар, мүмкүнчүлүгү бар. Кандай өнүгүү болот, аны убакыт көрсөтөт да.
—Өкмөттүн чеке жылытарлык иши барбы?
—Ооба. Бир эле ишин айтса болот. 7 жыл алдыга жылбай, созулуп келген “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырды. Бирок акча чогултууну максат кылышып, элдин социалдык абалын эске албай айып пулдарды өтө эле жогору коюп салды. Бул жагы абдан туура эмес болуп калды. Башка чеке жылыткан ишин көрө элекмин. Экономикабыз өксүп турат, инвестиция тартай албай жатат. Контрабанда көбөйүп, көмүскө экономиканын көлөмү азайбай эле арбып жатпайбы. Айтор санай берсек мыдай маанайды түшүргөн иштер көп эле. Мен мисал кылып дагы бир көйгөйлүү ишти айта кетейинчи. Өкмөт Кайыӊды, Кант заводун колдоого алып, сактап калса жакшы болмок.
Чүй боорунда 200 миӊден ашуун адам дал ушул кызылчаны эгип оокат кылышат. Азыркы учурда Кыргызстанга кумшекерди сырттан, тактап айтканда Украина, Россия, Белорусиядан алып келип жатышат, контрабандалык жол менен да кирип жатканы аз эмес. Бирок сапаты биз өзүбүз өндүргөн кумшекердин сапатынан төмөн. Ошол эле учурда биздин Кайыӊды заводу чыгашага иштеп жатат. Себеби, сырттан кирип жаткан кумшекер арзан. Биздин завод болсо чыгаша менен иштеп жатат. Бул темп менен көпкө иштей албайт, банкорот болуп иштебей калышы толук мүмкүн. Өкмөт мына ушул маселеге көӊүл буруп, сырттан кирип жаткан кумшекерди тыйып, контрабанданын жолун таптакыр бууп салышы керек. Мына Белоруссияда кумшекердин баасы 42 сом. Россияда 28 сом. Белоруссия Россиядан кумшекер киргизбей, өзүнүн өндүрүшүн коргоп жатат. Биз дагы ошентип коргошубуз керек эле да. Жок дегенде сезон учурунда 6 айга коргоп, тыюу салсын. Быйыл деле Чүйдө кызылча азыраак айдалды. Эмки жылдан тартып айдалбай калат. Анан завод ошону менен токтойт. Токтогондон кийин, ашып кетсе, 3-4 жылда кумшекер болуп көрбөгөндөй кымбаттайт. Бирок ал учурда кумшекерди өзүбүз өндүрбөй калгандан кийин эч кандай талап коё албай калабыз.
Суроо салган Айбек ШАМШЫКЕЕВ
Булак: Багыт