Домой Коом Бакыт Эгембердиев: Чубак ажы мен үчүн ким эле?…

Бакыт Эгембердиев: Чубак ажы мен үчүн ким эле?…

512

Орто Азияга таанымал аалым Чубак ажы Жалилов каза болгондон бери анын адамдык касиеттин, элге кылган эмгегин коомчулук эскерип отурат. Чубак ажыны дагы бир замандашы Бакыт Эгембердиев төмөнкүдөй эскерген:

Чубак ажыкем мен үчүн ким эле?

1. Ал КР эң популярдуу, кадыр барктуу жана сүймөнчүлүктүү инсан эле, б.а. #1. Келечекте анын мындай рекорддорун жаңылай алчу инсан жаралабы, бүдөмүк?

2. Ал мындай даражага чон кызматтарды аркалабай эле, популизм, куру убадалар менен шугулданбай эле, тоодой байлык жыйнабай эле, кымбат баалуу жол тандабастарды минбей эле, кошомат серенадаларды ырдабай туруп эле, батыштан миллиондогон гранттарды жебей эле жете алган.

3. Ал мындай даражага ээ болуусуна, анын ишмердуулугуно мамлекеттик жана жергиликтуу бюджеттен 1 дагы тыйын жумшалган эмес.

4. Ал мындай даражага бир гана талыкпаган эмгек, терен илим, кучтуу билим, жонокойлук, ачыктык, эр журоктуулук, мекенчилдик, чынчылдык, чечендик, тамашакойлук жана жогорку адамдык сапат менен жете алды.

5. Анда сейрек кездешчу сапаттардын айкалышы бар эле. Жогорку даражадагы дин аалымы, светтик предметтерди мыкты билуусу (озгочо кыргыз тилин), улуттук каада салтты жакшы тушунуусу, дипломатия, мамлекеттик тузулуш жана саясат боюнча мыкты маалыматы.

6. Ал ушундай билимдуу эле, миндеген уй булоолорго жарыгы тийди. Миндеген уй булоолор сакталып калды, мамилелер, кулк муноздор онолду. Диний туура тушунук келди.

7. Аялдардын укугун коргоодо #1. Диндеги аялдардын ордун, укук жана милдетин жонокой тил менен белгилеп берди. Аялга кандай мамиле кылышты корсотту. Уй булоодогу ич ара мамилелерди орду ордуна коюп берди. Бирок башкалардай аялды куйоосуно, келинди кайын энесине кайраштырган жок.

8. Мамлекеттуулукту бекемдоодо оз тармагы боюнча кошкон салымы эбегейсиз. Аны расмий бийлик баалабайт жана тааныбайт. Бирок эл тааныйт. Эч бир мамлекеттик сыйлыгы жок, бирок эки дуйнодо тен эн жогорку сыйлыктын ээси!

9. Чубак ажыга асылып, жамандап, боктоп элге таанылуу адат болуп калган. Жуздогон акмактар эмнелерди гана жазып, суйлоп, жалаа жапкан жок? Бироосуно да бир жаман соз айтпады. Укук коргоо органдары бир да жолу болушкан жок, тескерисинче жаныла калса эле камап салсак деп дегдеп турушту. Манкурттар башкарган олко, туркойлордун доору.

10. Бул жашоодо карызы жок кетти. Алган илиминин акысын толук берди, жарандык милдетин, атуулдук парзын толугу менен аткарды, калкына кызматын синирди.

11. Анын учурундагы бир дагы Президент анын озун, анын илимин, анын элге, мамлекетке кылган эмгегин баалап барктай алган жок. Тескерисинче ичи тардык менен бут гана тосушту. Азыркы ажо болсо аны сактап кала алган жок, сактайын деген дагы ниети, аракети да болгон жок. Кадимкисиндей эле кормоксон, билмексен, кайдыгерлик. Кырылып аткан элди сактай албаса дагы ушундай ото сейрек адистерди жеке козомолуно алса тура эле болмок.

Ажыкебиздин кадыр баркы менен далай добуш алды эле, актаган жок((.