Домой Маек Бакыт Бакетаев, саясат таануучу, «Апрель» кыймылынын төрагасы: Бабанов менен «каттани» —...

Бакыт Бакетаев, саясат таануучу, «Апрель» кыймылынын төрагасы: Бабанов менен «каттани» — менин долбоорум…

46

Бакыт Бакетаев

— Учурдан пайдаланып бүгүндөн баштап Кыргызстандын ЖМКсынын катарына кошулуп, кыргыз гезиттерин толуктап жаткан сиздердин “Багыт.kg” аттуу гезитиңерге жана жалпы жамаатыңарга бир аз каалоо айтып кетейин. Гезиттин аты абдан жакшы, таасирдүү ат экен. Мага жакты. Багыт деген сөз кыргыз эли байыртан байма-бай колдонгон алдыңкы сөздөрдүн бири, мааниси да көп нерсени камтыган ар тараптуу жана терең. Бир сөз менен айтканда, гезитиңердин аты стратегиялык маанидеги ат экен. Кудай буйруса, аты затына жарашып, кыргыз эли ар дайым мамлекеттин багытынан, саясатынан, маданиятынан ж.б. көп багыттар боюнча такталган, кызыктуу маалыматтарды алып турса экен деп тилейм. Анын үстүнө сиздердин гезитте Баратбай Аракеев, Бөкөнбай Боркеев, Жумагүл Барктабасова, Назгүл Осмонова жана өзүң сындуу такшалган калеми курч журналисттер эмгектенишет экен. Демек, менимче жаман гезит болбойт. Баарыңыздардын ишиңиздерге албан-албан ийгилик каалайм! “Багыт.kg” гезити бат эле элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган, эл күтүп окуган абройлуу гезит болушуна тилектешмин.

-Бакыт мырза, өкмөт башчы Темир Сариевдин турак-жайларды камсыздандыруу маселесине батыл киришкенине кандай көз караштасыз? Чынында бул маселени эл жапырт колдоого албай жатат. Бул бизге бир аз эртелик кылбайбы?

Бакыт Бакетаев, Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Бабанов— Өкмөт башчыбыз турак-жайлар менен кошо автоунааларды да камсыздандыруу аракетин көрбөдүбү. Бирок, бир топ нааразычылыктардан улам автоунааларды камсыздандыруу азырынча токтотулду. Бул чечим туура болду. Негизи карапайым элдин машинелери арзан. Арзан машинелердин ээси “бамперин” уруп алса, аны 2000-3000 сомго жасатып алат. Ошон үчүн эл камсыздандырууга жыл сайын ашыкча акча төккүсү келбейт. Ал эми чоңдордун, бизнесмендердин кымбат баалуу машинелеринин бир эле “бампери” карапайым адам айдаган машиненин баасына барабар болуп калат. Ошондуктан, аларга машинелерин камсыздандырып коюу пайдалуу. Акчалары да арбын дегендей. Турак-жайларды камсыздандыруу маселесине Темир Сариев өтө эле тездик менен киришип койду го. Себеби, элге түшүндүрүү иштери жакшы жүргөн жок. Каршы болгон адамдар, ал тургай депутаттар да көп. Менимче, бул ишти Кытайдын саясатындай кылып, өтө кылдаттык менен жүргүзүү керек болчу. Өкмөттүн жер титирөө, сел, өрт сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан жабыркап калган үй ээлери турак-жайларын камсыздандырышпаса, мамлекет тарабынан жардам берилбейт деген саясаты туура эмес. Бул катаал саясат. Мындай кылбай, саясатты жумшак жүргүзүп, түшүндүрүү иштерине басым жасоо абзел. Турак-жайларды камсыздандыруу маселеси негизинен элге керек. Бирок, бир гана өзгөрбөгөн шарт менен. Ал кандай шарт? Камсыздандыруу компаниялары эч качан менчик болбошу зарыл, мамлекеттики гана болуп, мамлекет өзү кепилдикке алышы зарыл. Чынында бул маселени эл жакшы түшүнбөй жатат. Парламенттин, коомчулуктун кеңири талкуусуна коюп, керек болсо мындай чоң маселелерди референдумга алып чыкса болот. Мисалы, өнүккөн айрым өлкөлөр ушу сындуу чоң маселелерди элге референдум аркылуу ай сайын алып чыгышат. Биз деле абдан талкуу жараткан маанилүү маселелерди бир жылда бир жолу референдумга алып чыксак неге болбосун? Менимче, анын таасири жана натыйжасы жакшы эле болмок.

-Ушундай маселени абдан “жиликтеп”, элдин кулагына куюп, альтернативдүү сунуштарды калктын калың катмарына жеткизип тура тургандай кыйраткан оппозициябыз жок да. Сиз буга кошуласызбы?

-Туура, кошулам. Неге дегенде, биздин оппозициябыз алсыз жана кадыры төмөн. Мындайча айтканда, биздин өз-өзүнчө бириндеген ынтымагы жок оппозициябыз мамлекеттик маанилүү маселелерди терең талдай алышпайт. Деги эле, Атамбаевди же Сариевди бир-эки жолу сындап койгон адам чыныгы оппозиция боло албайт. Оппозиционер деген бардык маселелерди, айрыкча саясый маселелерди, башкача багыттарды көрө билген, терең талдай алган адам болушу зарыл. Мисалга, Кара-Балтадагы нефти иштетип жаткан “Джунда” заводунда түзүлгөн кырдаалды алалы. Ал жерде болгон чатак иштин күнгөй-тескейин эл да, өкмөт да, баары болбосо да бир топ депутаттар да терең түшүнбөй жатат. Кыйын оппозициябыз кыйын болсо, өкмөттөн кетип жаткан кемчиликтерди парламенттен жеткиликтүү кылып көтөрүп чыкмак да. Мына эми заводдун жетекчисинин орун басарын камап коюшту. Ал заводдун жетекчилигине укук коргоо тарабынан коюлуп жаткан күнөөгө макул эмес жана салыкка төлөбөй койду делген акчаны баары бир төлөшпөйт. Себеби, биздин “Салык кодексинде” кемчиликтер бар, ар кандай жолдорго шарт түзүп берип койчу. Анан да ал заводду Кытай иштетип жатат, аны унутпашыбыз керек. Алар күчтүү, акылдуу, өжөр. Эртең эле Эл аралык сотко берет. Сотто утуп алышса, ушунча убакыттан берки заводдогу миллиондогон чыгымдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына, жалпылап айтканда өкмөткө түшсө, ошондо катуу талкуу, чоң нааразычылыктар жаралат. Муну азыр өкмөт жакшы ойлонбой жатат. Мен заводдо түзүлгөн кырдаал боюнча иликтөө жүргүзүп жатам, андыктан бул маселе боюнча көп нерсе айта алам.

-ЖКдагы “Бир Бол” менен “Республика-Ата Журт” фракциялары ушул сыяктуу маанилүү маселелерге “тиштери өтпөй”, деги эле бийликке татыктуу оппозиция боло албай, чоң кызматтардан көзү өтүп эле олтурушат го…

-Бул сөзүңдү да жокко чыгаруу кыйын. Себеби, “Бир Бол” бир аз сын айтымыш болгону менен башынан эле бийликке жакын болуунун аракетин тынымсыз көрүп жатат. “Республика-Ата Журт” болсо бийликке таарынгандай болуп, өкмөттүн туура жана туура эмес иштеринин баарын эле катары менен сындап жатат.

Эмне айтылса, ошону баса калып, бир сын айтып калууга көбүрөөк ыктап турат. Туура же туура эмес сындап жатышканын өздөрү да жакшы билбегендей. Бирок, бул деле керек нерсе. Аз, аз болсо да пайдасы болуп калат. Ошондой болсо да багытын ар тараптуу кылбай, бекемдеп алса жакшы болмок.

-“Республика-Ата Журт” фракциясынын “атасы” Бабановдун саясатта такшалышына сиз бир топ салым кошуп, кеңеш берип “устат” болгонсуз да. Демек, ал сиздин окуучуңуз катары жакшы оппозиционер боло албай жатат десек жаңылышпайм го. Туурабы?

-Мен эми бул оюңду туура эмес же бир беткей деп кантип айтам. Себеби, чынында эле саясаттагы эки Өмүрбек, так айтканда Бабанов менен “Каттани” менин долбоорум десем деле анчалык аша чаппайм. “Каттанини” “Каттани” кылууга мен чоң салым коштум. Жакшы эле иштегенге, түз жүргөнгө аракет кылды, бирок айрым маселелерде тескери кетип, аброюн түшүрүп алды. Кыскасы, ал элдин да, менин да үмүтүмдү толук актай албады. Анын үстүнө ал кызматта турган кездерде элге жакын болбой койду да. Ал эми Бабанов деген “долбоорум” менен сыймыктанып койсом болот. Ал чоң атаандаштыкка туруштук берип, өзүнүн партиясын эки ирет Жогорку Кеңешке алып келе алды. Бул абдан чоң жеңиш жана аброй да. Өкмөт башчы болуп турганда да бир топ жакшы иштерди баштады, бирок тез эле кетип калгандыгына байланыштуу аларды жакшылап аягына чыгара албады. Анын кемчилик иши катары машинелерге болгон техникалык кароону, ишеним күбөлүктү алып салгандыгын айтсак болот го.

-Жогорку Кеңешке өзүнүн аброю менен келген жок да. Самандай сапырылган акчасынын, байлыгынын күчү менен келгенин ким жокко чыгара алат? Эгер Бабановдун акчасы жок болсо, өткөн шайлоодогу “Аалам” партиясынын кейпин кийери турган иш болчу да…

-Мен Бабановду жалаң эле акчанын күчү менен эки жолу тең парламентке келди деп айта албайм. Албетте, бул маселеде акча абдан чечүүчү ролду ойноду. Бирок, ага кошулуп, Бабановдун өзүнүн билгичтиги, тажрыйбасы да шарт түздү да. Мен эми Бабановду ашыкча мактагандан алысмын. Анын да адам катары, саясатчы катары бир топ кемчиликтери бар. Мисалы, абдан таарынчаактык жайы бар. Өзүнө туура жана туура эмес айтылган сындарды көтөрө албайт. Чычалап, кызаңдап, эмоцияга алдырып жиберет. Бул маселени өзү да мага айтып, чыдамдуу болуш үчүн кеп-кеңеш сурап калат. Мен ага тажрыйбама жараша пайдалуу кеңештерди берүүгө аракет кылдым. Жалпылап айтканда, Бабанов менин үмүтүмдүн 50 пайызын актаса, 50 пайызын актай элек. Балким актайт, балким актабайт, муну эми убакыт көрсөтөт.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев