— Бакыт мырза, алгач кырсыкка учураган сырдуу жүк боюнча коомчулукта айтылып жаткан ар кандай пикирлерге өзүнчө талдоо жүргүзүп жатсаңыз керек. Бул боюнча эмне айтасыз?
— Азыр оппозициядагы адамдар кырсыкка учураган учактын ичиндеги жүктү Президент Атамбаевдики болуп калса деген үмүт менен, кыял менен жүрүшөт да. Эгер жүк Атамбаевдики болуп калса, анда оппозицияга Президентти кызматтан кетирүүгө жакшы шарт түзүлмөк, алар мына ушуну тилеп жатышат. Мен да өткөн жумада Дача-Сууга барып, жергиликтүү элге жолугуп, көңүл айтып, учак кулаганда күйгөндөн калган кол телефондорду көрүп келдим. Көбү илгери эле чыккан “Кондор” деген үлгүдөгү телефондор экен. Эми ушундай эски телефондор менен Атамбаев бизнес кылса, мен да ага каршы болот элем. Кыскасы, бул жагы акылга сыйбайт да. Мындай телефондорду сатуу өтө кыйын, азыр аны кыргыздар албай калышкан. Азыр оппозиция бийликти жаман көрсөтүү үчүн ар кандай сөздөрдү чыгарып жатат. Ал айтылган сөздөрдүн көбү суу кечпейт. Мен эң ириде сөздөн ишке өтүп, кырсыктын кесепетин жоюуга кам көргөн адамдарга ыраазычылык билдирет элем. Мисалы, Бабанов башкалардай болуп болбогон кептерди айтпай эле, өзү жетектеген фракциясы менен 1,5 млн. сом жардам көрсөтүп койду. Салымбеков да 1 млн. сом жардам кылды. Ал деле сын айткан жок. Биз жүк маселеси боюнча ар кандай ушак кептерди көбөйтпөй, Мамлекеттер аралык комиссиянын, депутаттык комиссиянын чыгарган жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Алардын жыйынтыгынан кийин терең ой жүгүртсөк болот. УКМК да жүк боюнча өз изилдөөсүн чыгарып жатат. Ошонун баарын эске алып, шашпай бир жыйынтыкка келишибиз керек деп эсептейм. Айрыкча бийликке таарынгандар, Атамбаевге таарынгандар бул кырсыктагы жүк маселесинен да дагы жаман нерсени каалап, жаман жагдайды издеп жатышкандай эле болуп жатат. Кыргыздын белгилүү акыны Тенти Адышева эжебиздин таарыныч тууралу жакшы ыры бар, ошону мисалга тартып коөюнчу. : “Турмуштун ачуусунан гана жуттум, Тагдырдын татаал жолун там-таң басып, нечен жолу аскасынан алыс учтум, Өмүрдүн өжөрлөнгөн күрөшүндө, Көп жеңилип, аз гана уттум! Бирок да жашоо күнүн күндө көрүп, Жагымдуу музыкасын дайым уктум. ” Мына, бул эң сонун саптар. Ошон үчүн биздин жашообуздун ар түркүн музыкасын да көрүп, угуп коюш керек. Оппозиция андайга көңүл бурган жок, ар кандай маселеге билип-билбей эле кийлигишип, туурасын дайым туура эмес дебей, айтор өздөрүнүн да ден-соолугун начарлатып, элге да жакшы маанай тартуулашкан жок. Мына ушул жагына да ар кимибиз көңүл бурушубуз керек.
— Сиз оппозиция деп эле жалпы айтып койдуңуз. Жалпы баарыбыз эле айта беребиз да. Аттары менен бакыйтып айтып бербейсизби?
— Аттарын өздөрү эң сонун билишет. Анын баарын майдалап айтып олтурбайлы. Мына системдүү, конструктивдүү оппозицияда: Бабанов, Төрөбаев, Исаев, Абдылдаев, Салянова сыяктууларды айтсак болот. Булар анык оппозиция. Мына ошого тең келгилери келип, ар кандай кадамдарга барып жатышат. Бийликти карайлы, бийликте да шумпайлар көп. Алар бийликтин, Президенттин атын жамынып алып, акырын ар кандай иштерди жасап жатышат. Ошолорду байкап, ачыкка чыгарыш керек.
— Парламент тарайт, тарабайт деген кеп айтылып жатпайбы. Сиздин пикириңиз кандай, Баш мыйзам өзгөргөн соң, тараш керекпи?
— Менин оюмча, биз ордубузда турбашыбыз керек. Ошон үчүн эл референдумду колдоду. Эми бүт беренелерге кошумча мыйзамдарды кабыл алып, тез арада баарын талапка ылайыктап чыгуу керек. Кандай айтсак да, бул референдум, Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси боюнча 6-чакырылыштын депутаттары жакшы иштеп коюшту. Эң башкысы өтө эле ызы-чуу кылып, мушташышкан жок. Талашты-тартышты, бирок маданияттуу эле болушту. Негизи Жогорку Кеңеш элдин күзгүсү. Анын деңгээлине, сапатына эл таарынбашы керек. Кандай да болгон күндө да депутаттарды эл шайлады. Бирок кандай шартта, кандай талапта шайлады ал такыр башка кеп. Баш мыйзам өзгөрдү. Эми ага ылайык бир топ маселе, бир топ мыйзам өзгөрүшү керек. ЖК депутаттары өзгөрүү болду, биз да тарайлы деп, саясый чечим кабыл алышып өздөрүн өздөрү таратышы керек деп ойлойм. Бул кадам анык жигитчилик болмок. Кетпей олтура берсе деле боло берет. Бирок жаңы идея керек. Азыр жаңы Баш мыйзам күчүнө кирди. Азыркы депутаттар эски Башы мыйзам менен иштейбиз деп келишкен да, демек алардын миссиясы бүттү. Эми жаңы Баш мыйзам менен жаңы депутаттар шайланып келиши керек. Парламенттик шайлоо болуп калса, кайра эле азыр олтургандардын бир тобу мандатка жетишет. Себеби, акча бар аларда. Ошондой болсо да кайрадан шайлоого чоң акча короткулары келбей тымпыйып олтурушат, жөн эле олтурбай “биз тарап кетпесек” экен деп тилеп жатышат.
— Президенттикке аттанып жаткандар боюнча эмне айтасыз?
— Мен ошол Президенттик аттанып жаткандардын баарына, Сариев, Бабанов баштаган жигиттердин баарына рахмат айтат элем.
— Турсунбек Акунга да рахмат айтасызбы?
— (Күлүп) Атаны кокуй ай ыя?! Мейли ага деле рахмат айтыш керек. Адамдын деңгээлин текшере турган “Айкю” деген болот. Экөөбүзгө баардык тармактар боюнча 100 суроо берсе, ошого жооп бергенибизге жараша биздин “Айкюбуз” түзүлөт. Мисалы, кээ бирөөлөр бир гана математиканы билсе, кээ бирөөлөр сервант менен Сервантестин айырмасын билишпейт. Ал эми “Аюку” деген энциклопедиялык деңгээлде болот да. Президенттикке канча талапкер болсо, демек мамлекеттин ошончо “Аюкусу” бар. Бирөө болсо бирөө, экөө болсо экөө, 87 болсо, 87 дегендей. Туура, ал 87нин жарымысы клондор. Ошол клондорго деле рахмат айтам. Себеби, алар мамлекеттин “Аюкусун” көтөрүп жатышат. Бул жолу да Президенттикке аттангандардын саны 50дөн кемибеши керек. Биз байыркы элбиз да, Кудай урбадыбы, кантип эле биздин элде 50 талапкер табылбасын. Токтайым бар, “дүжүрный” талапкер. Мен бул сапар баарына кайрылат элем. Биринчиден ЖКдагы фракция лидерлери, мурунку спикерлер, мурунку активдүү депутаттар, мурунку бүт премьер-министрлер, министрлер, Башкы прокурорлор, губернаторлор, айтор эл башкаргандардын баары талапкер болуп чыгышы керек. Мисалы, биз дүкөнгө барганда бардык керектүү буюмдардын баары туурат, б бири арзан, бири кымбат, сапаты да ошол баасына жараша. Ушул сыяктуу эле саясый магазинде бардык талапкерлер турушу керек. Эл өзү каалганын тандап алат. Бардык талапкерлер элдин элегинен өтүшү зарыл. Бааны эл берет. Эл сындайт, сөгөт, мактайт, колдойт, каргайт дегендей да. Чоң кызматта туруп, каада күтүп, ар кайсыны сүйлөп коюш оңой. Ошон үчүн ар кайсыны сүйлөбөй, “ковөрга” чыгып, күчүн, деңгээлин сынап көрүшсүн. Салымбеков чыгат, азыркы премьер-министр Жээнбеков чыгат.
— Сиз экөөбүз эки жыл мурун коррупция тууралуу жакшы маектештик эле. Сиз анда Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштү кадимки “Камасутрага” салыштыргансыз. “Камасутра” бар, бирок баласы жок депчи… азыр бул маселе боюнча эмне айтасыз?
— Эсимде. Чынында эле бул маселе боюнча абал жакшы жагына өзгөрүп кеткен жок. Коррупцияга каршы күрөш Камасутра болуп жатат, бирок жыйынтык жок, бала жок, тукум жок дегендей да. Чынында эле коррупция коомдун, мамлекеттин оорусу. Дүйнөдө коррупция жок мамлекет жок, бирок ахыбалы, деңгээли ар башка. Коррупцияга каршы үч курал бар. Биринчиси хирургдар, алардын медициналык бычактары дегендей. Ооругандардын ошол жерин сөзсүз кесишет. Экинчи курал ооруну дарылай турган дарылар. Демек, алар хирургдардай болуп, эч жерди кеспей, айыктырабыз дегендер да. Үчүнчүсү — бул сөз. Бизде биринчи мисал, хирургия болду. 2010-жылдан кийин саясаттагы бир топ чабактардан тышкары “киттерди” да кармап, аларды камап, “союшту”. Аны хирургия десек болот. Мурун биздин мамлекетте мындай болгон эмес. Бирок азырынча коомдогу коррупция деген жаман ооруну дарылай турган жакшы дары менен күчтүү сөз ыкмасына өтө албай жатышат. Бизде Мамлекеттик мүлктөр бар, ошол жерлерде мамлекеттин көптөгөн байлыктары уурдалып жатат. Ошон үчүн бизде коррупциянын деңгээли бийик. Жалпылап айтканда, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү керек. Сот реформасы да анчалык үзүрүн бере элек. Көптөгөн мыйзам бузуулар дал ушул сот системасынын кетип жатат. Менимче, ар бир иштеги соттун чечимдерин интернет-сайттарга ачык илүү зарыл. Эл, жалпы юристтер билиши керек. Ошондо да көзөмөл күчөйт деген ойдомун. Коррупция деген согуштан да жаман. Коррупция менен күрөшүүгө анык адистер келиши керек. Ал жерде котормочулар, математиктер иштебеши керек.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев