Домой Дүйнөдө Баку менен Ереван согуш отун токтотууну чечишти

Баку менен Ереван согуш отун токтотууну чечишти

69

Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Москва шаарында жолугушуп, бүгүн саат 12:00дөн тарта Тоолуу Карабахтагы атышууну токтотуу боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип “Известия” басылмасы жазды.

“Атышууну токтотуунун шарттары боюнча кошумча сүйлөшүүлөр болот. Ошондой эле тараптар туткундарды алмашат. Мындан ары Баку менен Ереван Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин теңтөрагаларынын катышуусунда абалды жөнгө салууга киришмекчи”, — деп айтылат билдирүүдө.

Тараптардын Москва шаарында өткөн сүйлөшүүлөрү 10 сааттан ашык убакытка созулуп, толугу менен жабык форматта өттү.