Домой Саясат Бактыгүл Жээнбаева Финполго суракка чакырылды

Бактыгүл Жээнбаева Финполго суракка чакырылды

67

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 30-сентябрга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка чакырылды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Жээнбаева өзү ырастап, эмне иш боюнча чакырылганын айтты:

– Соттук өкүлчүлүк борборундагы төлөмдөр боюнча Финполго чакырышкан. Бирок мен анда иштеген эмесмин, ал 2012-2015-жылдары болгон төлөмдөр. Ошондуктан менин тиешем жок. Төлөмдөр Финансы министрлиги аркылуу өткөн да. Ошондуктан чакырып жатышса керек. Мен барганда деле эч нерсе айтып бере албайм.

Жээнбаева 30-сентябрда иш сапарына кете турганын айтып, сурак берүү күнүн жылдырууну сурай турганын кошумчалады.

Финполдон Жээнбаева кайсы иш боюнча суракка чакырылганы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Булак: Азаттык