Домой Саясат Бакиров шефин «кидать» эткенде

Бакиров шефин «кидать» эткенде

177

Жай турмушта болсо болоор, бирок асты саясатта достук деген категория такыр эле жок окшойт. Кечээ эле бир туугандай өтө жакын жүргөндөр саясат айдыңына келгенде бирин-бири карабай калганга чейин барышууда.  Ошондойлордун бир мисалы саясатчылар Бакыт Төрөбаев менен Мирлан Бакиров болду окшойт. Экөө бир мекемеде чогу иштешип, кийин партия түптөп жардамчы болуп парламентке келишти. Бирок экөөнү ажыраткан нерсе “Мекеним Кыргызсан” партиясы болуптур. Бул партия түзулүп жаткан учурда жетекчиликке Бакыт Төрөбаевди тандашкан имиш. Бирок ошол мезгилде Төрөбаев сыркоолоп бара албай калган экен. Ошол учурдан пайдалаганбы айтор Мирлан Бакиров партиянын спонсорлоруна өзүн жеткечиликке сунуштап өтүп кеткен имиш. Айыгып келе жаткан Төрөбаев бул окуя тууралуу ММКалардан окуп калып чалкасынан кетиптир. Балким каап сени мындайыңды билгенде саясатка аралаштырбай эле бухгалтер кылып эле жүрө берсем болмок экен деп ойлонгондур. Саясатка аралашкан достор ойлоно жүргүлө. Саясат да бир күнү бүтөт.

Булак: ARGUMENT.KG