Домой Саясат Бакир Таиров: чуулуу өрдөк эти өрттөлгөн

Бакир Таиров: чуулуу өрдөк эти өрттөлгөн

110
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Бакир Таиров «өрдөк этине» байланыштуу чуу тууралуу суроого жооп берип жатып айтты:

— Тажикстандан келген өрдөк эти боюнча былтыр «Аткезчилик» беренеси менен кылмыш иши козголуп, сот чечим чыгарган. Финансы полициясы тарабынан кармалган 80 тонна өрдөк эти соттун чечими менен жок кылынган.

Депутат Нурбек Тотонов социалдык тармактарда, кармалган өрдөк эти толук өрттөлбөй, 2-3 тоннасы гана жок кылынып, калганынын дайыны чыкпай калганы боюнча мааламаттар тараганын мисал келтирди. Финполициянын жетекчиси бул сөздөрдү четке какты.

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата Журт» фракциясы өкмөттүн коррупцияга каршы күрөш боюнча маалыматын угуп жатат. Депутаттардын суроолоруна вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жооп берүүдө.

Булак: Азаттык