Үч жылдан бери бир тууган инисинин ден-соолугун шылтоолоп, бирде Минскиде, бирде Дубайда, бирде Казакстанда, бирде Кипрде, бирде Москвада жүргөн Садыр Жапаров «25-мартта Кыргызстанга барам, мени эми эл тосуп алышы керек» деп алдын-ала эле билдирүү жасап, акыры бул убадасына туруп кайтып келди. Келери менен аны атайын кызматтын кызматкерлери ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кармап кетишкени да маалым. Анан С. Жапаровду тосуп алуу үчүн топтолгон тарапташтары УКМК имаратынын алдына келип, митинг жасашып, аягында милиция кызматкерлерине кол салууга чейин барышты. Белгилей кетүүчү нерсе мына ушул митингде спортчу салыш жигиттер көбүрөөк жүргөнү болду.
Мындан сырткары өтө олуттуу көңүл бура турган маселе, ал митингде канкор Курманбек Бакиевдин мурдагы эки жансакчысынын да кошо жүргөнү болду. Мисалы, К. Бакиевдин убагында анын иниси Ж. Бакиевдин оң колу болгон, мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин 1-орун басарлыгын ээлеп келген Кулупбек Төлөгөнов аттуу эрен да бир топ кишилердин коштоосунда С. Жапаровдун митингинде жүрдү. Эске сала кетсек, бул эрен 1999-жылы мамлекеттик күзөт кызматынан жумуштан кетип, 2005-жылдагы март революциясынан кийин кайтып келген. Келгенде да түз эле мамлекеттик күзөт кызматынын 3-башкармалыгына башчы болуп, андан кийин жетекчинин 1-орун басары болгон. К. Бакиевдин эл менен болгон жолугушууларында анын жанында дайыма кайтарып жүрчү экени да белгилүү.
Экинчи жансакчысынын фамилиясы Ысманов. Бул жигит 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин К. Бакиев түштүккө качып барып, Кыргызстанды экиге бөлүү аракетин жасап атканда жанында коштоп жүргөн. Муну да тастыктаган сүрөттөр бар. Эми ошол эле Ысманов С. Жапаровдун коргоочуларынын арасында жүргөнү кандай? Жөн эле дал келүүчүлүкпү? Андай эмес. Мындай «эр-азаматтар» ар дайым конкреттүү тапшырмалар менен гана иштешет.
Андыктан С. Жапаровду Кыргызстанга Бакиевдер 3 жыл бою даярдап, «барганда баш-аламандык уюштурасың, сени коргой тургандар ушулар болот» деген тапшырманы берип жөнөткөнүн баамдай берсек болот.