Белгилүү драматург, сынчы, кинорежиссер Жаныш Кулмамбетов менен Abal.kg маалымат агенттиги улуу актриса Бакен Кыдыкеева тууралуу маек курду. Бакен Кыдыкееванын аянычтуу тагдыры жана чыгармачылыгы тууралуу маектешибиз айтып берди.
-Жаныш Осмонович, сиз улуу актриса Бакен Кыдыкееванын чыгармачылыгы туурасында бир учурларда пьеса жазып, ал драмаңыз Жаш көрүүчүлөр театрында 16 жылдан бери коюлуп келе жаткан экен.
– Ооба, “Талант жана тагдыр”.
– Эми сценарий да жазып бүткөрүптүрсүз. Ушул жазгандарыңыздын канчалык чындыгы бар?
-Драманын да, киносценарийдин да ичиндеги эпизоддордун баардыгы тең Бакен Кыдыкееванын жашоо-турмушунда, чыгармачылыгында болуп өткөн окуялардын негизинде жазылган. Маселен, чыны менен эле Бакен эженин театрга барышына “жин-шайтандар менен жанашып кетесиң” деп, атасы Кыдыке советтик мугалим экенине карабастан каршы болгон. Же болбосо, кыргыздын тун режиссерлорунун бири Ажыгабыл Айдаркулов экөө мына үйлөнөбүз деп турган чакта, анын өмүрү капысынан кыйылып, Бакен эже бир мүрүсүнөн айрылган канаттуудай болуп, жүрөгү жараланган. Ошондой эле, анын талантын көрө албагандар “ушундан көрө өлүп калганы оң” дешкенби, айтор үйүн өрттөп жиберишкен. Кудай жалгап, Бакен эже ошол учурда съемкада болуп калып, жаны аман калган.
-Ошончолукка барышты беле? А Кыдыкееванын күнөөсү эмне?
-Ошондой болгон. Кимдер өрттөгөнүн, кимдер заказ бергенин эже өзү эң сонун билчү. Эженин айтып бергени аркылуу кимдер экенин билгендердин көзү бар, азыр да. А эже болсо, “Кудайга койдум” деп, ошондо бир ирээт дагы ооз ачып, арызданган эмес . А “күнөөсү” – ченде жок таланттуулугу, атактуулугу, келбети келишкен сулуулугу. Буга таң калуунун эч кандай кажети жок. Мен дайыма айтып да, жазып да келатам “сальеричилик” эмне экенин. Бул ошол сальеричиликтин бир көрүнүшү. Маселен, ошол эле 1958-жылы Москвага кыргыз маданияты, искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасына барышканда, эже ала турган СССРдин эл артисти наамын алдырбай койгон да, ошол улуу актрисанын жанында жүргөн “сальерилер”. Бул дагы менин пьесамда камтылган. Ал эми алтымышынчы жылдардын башында эжени театрдан куудуруп чыккандар да ошол “сальерилер”.
-Ушул окуя бонюнча сиз киносценарийиңизде өтө элестүү бериптирсиз. Эмне үчүн бул эпизод драмаңызга кирбей калган?
-Бакен эженин портретин тебелеп аткан жерби? Эми, андай кылык-жоруктарды эжени көрө албагандар көп жолу жасашкан. Драмага анын баарын баткыруу мүмкүн эмес болчу. А андай эпизоддор кинонун ажарын ачат.
-Ошол артисанын Кыдыкееванын портретин жерге таштап туруп, үстүнө эки буту менен чыгып алып, моокуму канганча тебелеп атканын окуп, адамдардын ушунчалык бир бир кара өзгөйлүгүнө, ичтери толгон заар экенине аябагандай таң калат экенсиң.
– Бир чети ал эпизод, эженин талантын тебелеп, биротоло жок кылгысы келгендердин образдуу портрети десек болот. Бирок, Кыдыкееванын талантын эч ким тебелеп-тепсеп жок кыла алган жок. Ал жаш чагынан эле кандай ченемсиз талантуу личность болсо, өмүрү өткөнчө ошол бойдон кала берди. Тарыхта да анын орду ошончолук кол жеткис бийик.
Булак: Abal.kg