«Бакай Банк» ачык акционердик коому үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактардан, жеке ишкерлерден жана жеке адамдардан баалуу металлдарды сатып алуу операцияларын тестирлөө үчүн атайын жөнгө салуу режими түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Тактап айтканда, «Бакай Банк» лом жана иштетиле элек алтын алтынды андан ары аффинаждоо (оор металлдарды аралашмалардан тазалоо процесси) максатында сатып ала алат. Мындай чечимди 9-сентябрда Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кабыл алган.
Атайын жөнгө салуу режими 14-сентябрдан тартып 2022-жылдын 13-сентябрына чейин каралган.