— Июнь окуясына туура 7 жыл viagra over night shiping. толду. Бул аралыкты жаатташкан кыргыз-өзбекти ынтымакка келтирүүү боюнча алгылыктуу ишер жасалдыбы?
— Акыркы учурда Кыргызстан элдеринин ассамблясы өз ишин күчөтүп, бир катар алгылыктуу иштерди баштады. Биз да улут аралык ынтымакты чындоо боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Акыйкат үчүн айтып коюшубуз керек, бир топ иш-чаралар формалдуу гана өтүп жатат. Жакында түштүктө болуп келдим, баары ойдогудай деп айтууга да болбойт. Бирок, кемчиликтерди жоюу үчүн иштер аткарылууда.
— Өлкөдөгү улут аралык ынтымакты дагы да бекемдөө үчүн кандай иштерди жасаш керек деп ойлойсуз?
— Мындай аракеттерди системалык түрдө жүргүзүү зарыл. Маалымат каражаттарындагы улут аралык мамилеге байланышкан материалдарды көзөмөлгө алуу керек. ММК жетекчилери да улут аралык мамилеге терс таасирин тийгизе турган материалдарды жарыялабашы зарыл. Тиешелүү көзөмөл органдары муну катуу контролдошу керек. Эгер этностор аралык чатакты козута турган материалдар жарыяланса укук коргоо органдары сөзсүз ага баа бериши керек. Негизи мындай маалыматтар бомбадан да коркунучтуу. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын да мамилеси жакшырууда. Ушундай кырдаалда эки элдин ортосуна от жаккандарга катуу чара көрүлүшү керек.
— Кыргызстанда азыр этностор аралык мамиле кандай?
— Жалпысынан алганда жаман эмес. Улут аралык ынтымак чыңдалууда. Эл жалпысынан ынтымактуу күн кечирүүдө. Кыргыз-өзбек дос эле эмес, бирдиктүү улут. Эгер кайсы бир адам башка улутту кемсинткен болсо, ал аны менен өз улутун кемсинтүүдө. Ошондуктан баарыбыз бардык улуттарды сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек.