Азыркы маалымат дегениң алдыңан да чыгып, артыңан да калбай, төбөңдөн түшүп, төөбастыга алып жаткан учурда жаңы гезит чыгаруу деген оңой эмес.
Маалыматтын тебелендисинде калып жаткан мындай учурда бу жаңы чыккан гезитиң окурманын таба алар бекен же көзүн жалдыраткан боюнча «кете берер» бекен деген Улуу санаркоо бар да! Ошол гезит там-туң басып, «балалык оорусунан» аман-эсен айыгып, кадимкидей бутуна туруп кетиши чынында эле өтө оор , өтө кыйын процесс. Адамзаттын, анын ичинде кыргыз баласынын үмүтү алоолоп турат эмеспи, биз -«Багыттын» жамааты бар күчүбүздү, чыгармачылык мүмкүнчүлүгүбүздү толук пайдаланып, окурманга таянып отуруп гезитибизди «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай», “тентегин” тыйып, жакшы багып алабыз го деген үмүтүбүз бар.
Чогулуп далай ирет кеңештик: кандай абалда болсок да, кандай абалда калсак да калп дегенди гезитибизге жолотпойлу, кармап-тутунганыбыз чындык болсун. Бирөөнү жөн жерден каралоо, имишти чындык катары сунуу, жаман ойду жакшыга айлантуу же тескерисинче, жакшыны жаман кылуу, бирин экинчисине кайраштыруу, жер-сууга бөлүү, баалуунун баркын кетирүү, бирөөнү ашыкча даңазалап же каралоо сыяктуу тескери тегеренген материалдарды жазбайбыз да жарыялабайбыз. Албетте, кээси менен жаңылып-жазган учур да болор. Мына ошол учурда «атаганат, бу балдар жаңылып калыптыр» деп тереңден түңүлбөй, ошону айтып эскертип туруңуздар.
Ар гезиттин таянары окурман да. Алардын арасында Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов, Бектемир Мурзубраимов, Абдыганы Эркебаев, Абдылдажан Акматалиев сыяктуу академиктерибиздин, Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбеков, Мыктыбек Абдылдаев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, Садык Шернияз, К. Иманалиев, Марат Аманкулов, Айнуру Алтыбаева, Максат Сабиров, Кенжебек Бокоев, Чолпон Султанбекова, Дастанбек Жумабеков, Тынчтык Шайназаров, Дастан Бекешов, Анвар Артыков, Руслан Казакбаев, Алмамбет Шыкмаматов, Афтандил Кулбараков, Канатбек Исаев сыяктуу депутаттардын, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев, Сүйөркул Тургунбаев, Шайлообек Дүйшеев, Көчкөн Сактанов, Самара Токтакунова, Дарыйка Жалгасынова, Марат Алышпаев, Жолболду Алыбаев, Замирбек Үсөнбаев, Шахра Талипова, Каныкей Эралиева, Асылбек Өзүбеков, Кыялбек Урманбетов сыяктуу адабият менен искусство адамдарынын, Тилектеш Ишемкулов, Роза Отунбаева, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер, Адахам Мадумаров, Жыпар Жекшеев, Токтогул Какчекеев, Бакыт Бакетаев, Марс Сариев сыяктуу коомдук ишмерлердин, Айылчы Сарыбаев, Кубанычбек Идинов, Жумакадыр Акенеев сыяктуу экономисттердин кеп-кеңештерин угуп турабыз, булардын баскан жолун, өтөгөн өмүрүн жаш муунга мисалдатабыз. Алардын баскан жолу кийинки муунга табылгыс сабак болорун кантип танмакпыз. Аталгандардан башка да мисалдатчу инсандарыбыз жетишерлик бар.
Гезитибизге негизги дем, күч-кубатты аксакалдарыбыз, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер, элибизге кеңири белгилүү журналисттер Баратбай Аракеев, Үсөн Касыбеков, Бөкөнбай Боркеев сындуу күчтүү аналитиктерибиз берип турмакчы
Биздин гезит бийликке да, оппозицияга да жан тартпайт, тырышкан боюнча чындыктын жанында турганыбыз турган.
Гезитибиз жаңылыктарды, өлкөбүздөгү саясий абалды убагында айтып турууну биринчи планга коёт да экономика, тарых, маданият, криминал, спорт маселелерин байма-бай жарыялап турат. Аны менен бирге элге кереги тийчү кеңештер, окурман пикирлери, көркөм чыгармалар басылат. Баса, жакынкы күндөрдөн баштап, гезиттин өзүнүн сайты да www.bagyt.kg иштеп баштайт.
Эмесе, кымбаттуу окурман, биз менен чогуу болуңуздар!