Домой Кылмыш БАЭден унааларды мыйзамсыз киргизүү аракетине бөгөт коюлду

БАЭден унааларды мыйзамсыз киргизүү аракетине бөгөт коюлду

192

БАЭден унааларды мыйзамсыз киргизүү аракетине бөгөт коюлду

Түштүк-Батыш бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташкан.

«Т.Ж.А.» алуучунун дарегине БАЭден, унаада, жарым чиркегич менен автомобиль тетиктеринин ассортиментти товары келген.

Унааны алдын ала текшерүү учурунда декларацияланбаган «Toyota Camry», «Honda Jazz», «Honda Fit» үлгүсүндөгү унаалар аныкталган.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.