Домой Коом БАЭде дүйнөдөгү эң чоң аквариум ачылды (сүрөт)

БАЭде дүйнөдөгү эң чоң аквариум ачылды (сүрөт)

24

БАЭде деңиз жашоочуларына арналган эң чоң тематикалык парк — Sea World Abu Dhabi эшигин ачты. Анын негизги «өзгөчөлүгүнүн» бири — дүйнөдөгү эң чоң көп түрлүү аквариум.

Sea World —  58 миллион литрден ашык сууну камтыйт жана 100 000ден ашуун деңиз жаныбарларынын үйү болот. Алардын арасында деңиз жаныбарларынын 150 түрү бар: балык, акула, скат, таш бака, сойлоп жүрүүчүлөр ошондой эле канаттуулар да бар.

Дүйнөдө теңдеши жок жаңы уникалдуу объект Яс аралында жайгашкан. Парктын жашоочуларына мүмкүн болушунча жаратылышка жакын шарттар түзүлгөн.

Паркта тематикалык аймактар түзүлгөн. Мисалы, Abu Dhabi Ocean тематикалык аймагы конокторго Перс булуңунун жээгинде жашаган жаныбарлар менен таанышууга жана БАЭдеги деңизде сүзүү тарыхый салттары жөнүндө көбүрөөк билүүгө мүмкүндүк берет.

Ал эми полярдык океан зонасында Антарктиданын жана Арктиканын муз ландшафтарындай суук болуп, кар жатат.

Тропикалык океан зонасы парктын эң чоң аймагы болуп саналат. Бул жерде бийлеген шаркыратмалар, лагуналар, дельфиндердин үйүрү, кызгылт фламинго жана тропикалык канаттуулар бар.