7-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жыйынга чогулуп, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт иштерине мурдагы муфтий, белгилүү дин аалымы Садыкжан Камаловдун катышканы боюнча арызды карады. Бул көрүнүш БШКнын мүчөлөрү тарабынан мыйзам бузуу катары таанылып, аталган мекеме тарабынан талапкерге экинчи ирет эскертүү берди.
Буга чейин Бабанов түштүктө шайлоочулар менен жолугуп, ага С.Камаловду ээрчитип барган. Анда дин кызматкери Бабановго элди үгүттөгөн. Мындай мыйзамсыздыкка Сооронбай Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Жылдыз Сманбаева нааразы болуп БШКга даттанган. Бабанов биринчи эскертүүнү 20-сентябрда талапкер Сооронбай Жээнбековдун, ӨКМнын министри Кубатбек Бороновдун, Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовдун сүрөттөрүн мыйзамсыз үгүт ишине пайдаланганы үчүн алган.
Негедир БШК Бабановдун эң жеңил мыйзам бузууларына гана баа берип, одоно кемчиликтерине, олуттуу мыйзам бузууларына көз жумуп келет. Ал алгач казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканда мыйзам бузган. Андан кийин Он-Адырда улут аралык чатакка от койгон. Ал эми депутат Канат Исаевдин төңкөрүш аракетинде аты аталганда БШК коңгуроо кагып чыгышы керек эле. Эми ушул маселелерди да иликтеп чыгып Бабановду шайлоодон четтетүү керек. Болбосо шайлоонун лигитимдүүлүгүнө шек келип калышы мүмкүн.