Домой Саясат Бабановдун штабы альтернативдик эсеп жүргүзүү менен манипуляция кылууну...

Бабановдун штабы альтернативдик эсеп жүргүзүү менен манипуляция кылууну кɵздɵйбү?

34

valtrex without prescription. pic_1358294729

Ɵмүрбек Бабанов анын штабы альтернативдүү эсептɵɵ  жүргүзɵрүн билдирди. Бир нерсе түшүнүксүз, ал кантип ишке ашырылат? Бабановдун айтканы боюнча, анын байкоочулары саат сайын ɵздɵрүнүн отчетун берип турушат экен. Бирок отчетто кандай маалымат болору белгисиз бойдон калды. Бабанов болсо анын  байкоочулары  «добуш берген шайлоочулардын» санын жɵнɵтүп  турарын кыйытып  айтты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Бабановдун штабы альтернативдик эсептɵɵнүн жыйынтыгын жарыялайт экен. Бирок… Эксперттердин пикиринде, мындай билдирүүнүн тереңинде  манипуляция жасоо аракети жатат.

Кыргызстанда альтернативдик эсептɵɵ жүргүзүүнүн ɵзү  кɵп күмɵндɵрдү жаратат, анткени, БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын расмий айтмайынча социалдык тармактарда, ММКларда жарыялангандардын баары электоратка таасир этүүнү кɵздɵгɵн  жалган маалымат катары эсептелиши керектигин билдирген. Анткени, бул ачык эле коомдук пикирди манипулциялоо болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндɵ бир да талапкер, бир да саясий партия же коомдук кыймылдын сапаттуу  альтернативдик эсептɵɵ жүргүзүүсү ɵтɵ арсар. Бул уюштуруу жагынан, техникалык  пландан алганда да омоктуу даярдыкты талап кылат.

Анын үстүнɵ альтернативдик эсептɵɵ жүргүзүү  экзит-пулду  (англ. exit-pool, exit — выход + pool — кошулмалар, сумма)   талап кылат. Шайлоо участкасынын чыга беришинде добуш берип чыккандардан ыкчам (добуштардын саны расмий эсептелгенге чейин) түрдɵ  сурамжылоо жүргүзүлүшү зарыл.

Бирок Бабанов бул тууралуу ооз ачкан жок.

Экзит-пул жүргүзүү үчүн  социологиялык иликтɵɵлɵрдү жүргүзгɵнгɵ адистешкен уюмдарды тартуу керек. Эл аралык практикадагы тажрыйбага ылайык, алдын-ала аккредитация да талап кылынат. Сапаттуу сурамжылоо жүргүзүүнү  уюштуруунун ɵзү чоң суроолорду жаратат, анткени, ал үчүн адамдарды эле жалдоо жетишсиз, инструкция ɵткɵрүп, 5 миңге чейики адамга тренинг ɵткɵрүү кажет.

Мындан сырткары, сурамжылоону жүргүзчүлɵрдүн иш-аракеттери БШК, АШК, УШКлар менен макулдашылышы зарыл. Ансыз укук коргоо кызматкерлерине интервью алып  жаткандарды үгүт ишин жүргүзүп жаткандыктары үчүн кармоосуна негиз  түзүлɵт.

Маанилүү бир жагдай, альтернативдик  сурамжылоо жүргүзүүнү демилгелеген талапкер ɵзүнүн шайлоо  фондунан  сурамжылоо кылгандардын  эмгектерин тɵлɵп бериши керек.

Бирок кɵрүнүп тургандай, Бабанов экзит-пулду эмес, ɵзүнүн байкоочуларынын отчеттору жɵнүндɵ айтууда. Суроо туулат, алар канчалык объективдүү болот? Сыягы, бул отчеттордо  добуш берүүнүн жүрүшүн бурмалоого багытталган маалыматтар камтылат  окшойт.

Демек, альтернативдүү эсептɵɵ жүргүзүүнүн  жыйынтыгы  ачык эле манипуляция кылууга пайдаланылат. Ага таянуу менен айрым күчтɵр ɵлкɵдɵгү абалды дестабилдештирүүнү кɵздɵй турганы айтпаса да түшүнүктүү болууда.  БШК болсо мындай манипуляцияларга каршы экенин, добуштарды эсептɵɵнүн расмий жыйынтыгын күтүүгɵ чакырып келүүдɵ.

Ушундан улам айрымдардын БШКнын дарегине  катуу сындарды айтып жаткандары айкын болууда, кээ бир талапкерлер атайылап БорШайКомду дискредитациялоону кɵздɵɵдɵ. Бул атайын  ɵздɵрүнүн жалган альтернативдик эсептерин чындыктай берүү үчүн жасалып жатканын аңдоо кыйын деле эмес.