Бабановдун партиясындагы бир топ салмактуу, акчалуу саясатчылардын көбү партияны таштай качышты. Маселен, президенттин кан кудасы Алиярбек Абжалиев, Марлен Маматалиев баштаган бир катар “республикачылар” башка партиялар менен шайлоого катышууга белсенип турат. Ошондо Бабановдун жанында баягы эле сатып кетпес, Казакбаев, Жээнчороев, Өмүрбекова, Бокоев сыяктуулар эле калгандай.
Учурда Бабанов ар ким менен сүйлөшүп, партиясын жана өз кишилерин эптеп кайсы бир партиялар менен шайлоого катыштыруунун үстүндө катуу иштеп жатыптыр. Айрым маалыматтар боюнча, Бабанов өз партиясын саналуу кишилер менен кошо “Кыргызстанга ” кошкусу келип, аракет көрүп жатканы айтылууда. Бирок бул боюнча маселе азырынча аягына чыга элек. Кыскасы,шайлоо учурунда учуп-күйүп, амбициясын тыя албай калчу Бабановдун абалы азыр жакшы эмес.
Булак: Багыт