Маалымат булактарында жана интернеттеги социалдык түйүндөрдө «НТС телеканалынын журналисти Мирбек Айтикеев шайлоо участкасында ур-токмокк алынды» деген маалымат тарап кеткен. Ушул эле такталбаган маалымат боюнча 15-октябрда добуш берүүгө келген президент Алмазбек Атамбаевге да НТС телеканалынын башка журналисти тарабынан суроо берилген. Мамлекет башчысы: “Эгерде ошондой факты катталса, анда аны укук коргоо органдары териштирип, чара көрөт” деп жооп берген болчу.
Бирок, бул маалыматтын жалган экендиги бат эле билинди. Бүгүн борбор калаабызда өткөргөн маалымат жыйынында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул факты аныкталбагандыгын билдирди. “ММКда телеканалдардын биринин журналисти сабалганы боюнча билдирүү тараган. Бирок бул факты аныкталган жок. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы укук коргоо органдары менен бирге текшерүүдө жана ошол участкада кимдер болгон болсо, эч кандай мушташ болбогондугун тастыкташты. Журналист добуш берүүнүн жашыруундугун бузуу менен съемка жүргүзгөн. Видеосъемканы токтотуу өтүнүчүнө журналист баш тарткандыктан аны мажбурлап участкадан чыгарып коюшкан. Эч кандай ур-токмокк алуу болгон эмес жана муну бардык күбөлөр тастыкташат”, — дейт ал.
Демек, коомчулуктун нааразычылыгын жаратуу үчүн окуяны көбүртүп-жабыртып, жалган маалымат тараткан Бабановдун тарапташтарынын чагымчылыгы жүзөгө ашпай калды. Мына ушундай чагымчылык жол менен жеңишке жетишем деген талапкердин деңгээли кандай болушу мүмкүн?