Домой Саясат Бабановдун Назарбаевге чуркап барганына чүйлүк аксакалдар нааразы

Бабановдун Назарбаевге чуркап барганына чүйлүк аксакалдар нааразы

93

19-сентябрда КР президенттигине талапкер Ө. Бабанов Казакстанга жетип барып, казак президенти Н. Назарбаевге жолугуп келгени белгилүү болду. Муну адегенде казакстандык телеканалдар көрсөткөн соң, анын артынан эле Бабановго тиешелүү жергиликтүү телеканал көрсөтүп, анан башка маалымат булактары аркылуу аны сүрөөнгө алып кетишти.

dislike

«Казак башчысы Ө. Бабановду колдойм деди» деп ооздорун толтура сүйлөп отурушат. Эмнеге алар Бабановду Назарбаев кабыл алып койгону үчүн ушунчалык кубанып атышканына тан бересиң. Же Кыргызстандын президентин казак президенти шайлайт беле? Эгерде Бабанов өз элинин чыныгы патриоту болгондо, минтип шайлоонун алдында казак бийлигине жана анын олигархтарынын колдоосуна таянбай, өз элинин колдоосуна таянмак.

Бабановдун мына ушул кадамына учурда чүйлүк аксакалдар катуу нааразы болуп, бүгүн-эртеңден борбор калаабызда маалымат жыйынын бергени атышканы маалым болду. Алар: «Бул жылуун Бабанов казак президенти Назарбаевге жагынып, колдоосун алып, анан Кыргызстанды ага сатканы атабы?» деген суроону кабыргасынан коюп атышыптыр. Эгер аксакалдар чындап нааразы болуп, тескери батасын берип коюшса, Бабановдун иши чатагына айланышы мүмкүн. Чет жактардан колдоо издегенче, өз элине, мамлекетине чындап күйүп, өз элинин ар-намысын көкбөрүчүлөрдү сатып алуу аркылуу бөлөк элге тебелетпей жүрсө Бабановго кыргыз аксакалдары батасын беришмек. Бирок, Бабановдун жоруктары элибиздин ак батасына татыксыз болуп атпайбы? Бабанов батадан айлансын деп турушат көпчүлүк.