Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев “никелешип”, бири президент, бири премьер-министр болот деп жарыяланганына аз гана убакыт болду. Кыялды ишке ашырыш үчүн аракет жумшаш керек деген ой менен эки эрен республиканын түштүгүндө үгүт-насаат иштерин күчөтүү тууралу чечимге келишти. Андан сырткары өлкөнүн түндүк аймагынан да көбүрѳөк добушка ээ болуу үчүн шайлоочулардын добушун канча сомдон сатып алууга боло турганын да “анализдеп” атышат деп уктук.
Анан алардын жасаган “анализинен” соң штабдын үгүтчүлөрүнө Бишкек шаарынын айланасында жайгашкан Энесай, Дордой, Акбата конуштарындагы эл арасында алардын аты жөнү тууралу так маалыматтарды чогултуу боюнча катуу көрсөтмө берилгенин уктук. Анткени бул конуштарда шаардык каттоосу жоктор өтө эле көп экен.
Демек, алардын добуштарын сатып алуу керек. Акыры Бабанов менен Төрөбаев Чүй менен Бишкек шаарында 1 добуштун наркын 1 миң сомдон 4 миң сомго чейин баалап, ал эми айрым аймактардагы добуштарды 100 долларга чейин көтөргөн “прейскуранттарды” түзүшкөн экен.
Андыктан шайлоо штабындагылар эки жетекчисинин командасын күтүп баарына даяр турушат. Билермандардын шыбырашканына караганда, Б. Төрөбаев Ө. Бабановдун кулагын “ушалап” “Өмүке, акчаны аяба, президент болсоң, кайра жүз эселеп кайтарып аласың, өзүм өкмөт башына барганы атам го” деп атат дейт. “Төрөбаевдин ою чындап эле Бабановду президент кылышпы, же анын акчасын самандай сапырып жок кылышпы?” деп башкы “республикачынын” айрым санаалаштары “поле-чудес” “ойноп” отурушкан кербездери дейт.