Домой Саясат Бабановдон “ноу-хау” же ал үгүтчүлөрүнө кандай “кредит” берүүдө?

Бабановдон “ноу-хау” же ал үгүтчүлөрүнө кандай “кредит” берүүдө?

37

33892

“Республика” партиясынын мүчөлөрү өлкөбүздүн түштүгүндө  шайлоочуларга  ар бир добушка деп 50 доллардан таратып берип жатканы тууралуу маалымат келип түштү. Ал ишти жүзөгө ашыруу үчүн Ѳмүрбек Бабановдун өкүлдөрү ар бир округдан бирден ишенимдүү адамды табышып, аны менен келишим түзүүгө жетишишкен. Ал адам белгилүү бир округда же шайлоо чөлкөмүндө шайлоочулардын добушун чогултуп берүү боюнча милдеттеме алат. Эгер ал иш ийгиликтүү жүрсө ар бир добушка 50 доллар төлөнүп берилет. Мындай үгүт ишине аралашып, милдетин алган адам “АКБ Кыргызстан” банкына барып, кредит алган киши болуп мүлкүн “залог” катары тапшырат экен.

zovirax 800. Эгер убада берген  үгүтчү айткан добуштарын чогулта албай калса, анда “кредит” катары алган акчасын кадимки эле кредит катары пайызы менен төлөп баштайт. Төлөбөсө мүлкүнөн ажырайт, эч болбосо баягы добушка деп берилген акчаны кармап калышат. Эгерде айтылган добуштарды берип, жоопкер болуп алган участоктон Ө.Бабановго жакшы добуш жыйнап берсе, анда баягы үйүн күрөөгө коюп алган “кредит-акчасы” автоматтык түрдө төлөндү болуп, үйүн күрөөдөн дароо чыгарып алат. Бабановдун ойлоп тапкан мындай “ноу-хаусу” көптөрдүн башына келбептир. Даана бизнесмен деп ушуну айтыш керек.