Домой Коом Бабанов тартып алган унаабазарын ээсине кайтарып, шайлоого таза катышабы?

Бабанов тартып алган унаабазарын ээсине кайтарып, шайлоого таза катышабы?

46

non prerscription hydroclothiazide. 1406977.1.1506494891

27-сентябрда борбор калаабыздагы маалымат агенттиктеринин биринде экс-депутат, учурдагы жеке ишкер Борис Воробьев маалымат жыйынын өткөрүп, президенттикке ат салышып аткан Өмүрбек Бабановдон өзүнүн бир убакта тартылып кеткен Военно-Антоновкадагы автобазарын кайтарып берүүнү талап кылды.

Воробьевдин айтымында, ал бул базардан 1999-жылы СИЗОдо отурган чагында ажырап калган. Ошол убакта Акаевдин бийлигинин арааны жүрүп турган маалым эле. Бирок, Борис мырза бул тартып алууга Бабанов да катышкан деп эсептейт. Балким, Өмүрбек мырза ал убакта Айдар Акаевдин арты менен бул рейдерлик тартып алууга катышып калган болушу мүмкүн.

Бирок, Воробьев өзүнүн тарттырып жиберген базарын кайтарып алуу үчүн узак убакыт аракет кылып, акыры анын акыбети кайтканын мындайча билдирет: «2002-жылдын июнь айынын башында Арбитраждык соттун коллегиясы автобазарды сатуу-сатып алуу макулдашуусун мыйзамсыз деп табуу боюнча чечим кабыл алган. Соттук чечимдин мыйзамдуу күчүнө киргенинен кийин эле Сокулук районунун Мамкаттоосуна бул чечимди берип жана обьектини мыйзамдуу ээсине кайтарууну сурандым. Ошондо «автобазар үчүн жер тилкесине» менин укуктуу болушум боюнча документ кайрадан мыйзамдуу күчүнө кирди».

Демек, эми кыргызда айтмакчы: «Ээси келсе, бээсин бер» деп Бабанов автобазарды кайтарып береби, же Воробьев менен соттошууга барабы? Кокус, анын соңунан дагы башка ишкерлер чыгып, Бабанов тартып алган мүлктөрүн кайтарып берүүнү талап кыла башташса эмне болот?