Домой Саясат Бабанов Сариевди  сатып алганбы?

Бабанов Сариевди  сатып алганбы?

43

Амбициясына чек жок, элин эмес, өзүн жана мансапты, байлыкты жакшы көргөн саясатчылардын көбү популисттик кадамдарды, өзүнө кошомат кылгандарды абдан жакшы көрөт. Анан калса, эксперт, саясат таануучу деген сайда саны жок немелерге өзүн мактатып, элге өздөрүн укмуш адам кылып көрсөтүү маселесине да акча аябагандар арбын.

Ошондойлордун  ана башында Бабанов турат. Качып кеткен мезгилдерде,  өзгөчө келээрде, келип сурак берип жаткан кезде да эксепрттердин эки ооз мактоо кебине муктаж болуп турду. Ал эми дүжүр экспрттер болсо дүӊкүлдөтүп, БӨТтү мактап, айрымдары аша чаап,  БӨӨдөн, ЧӨӨ, чуӊкурдан ТОО жасашып, чурулдап эле жатып калышты. Кээ бирлериуялбай эле Бабановду өкмөт башчыга жарактуу деп, анын таманын жалап жиберчүдөй сүйлөшөт.

Марс Сариев деген  саясат таануучубуз көп учурда салмактуу кеп айтканга аракет кылчу эле, акыркы учурда Бабанов тууралуу чындыкка жакын келбеген, былжырак кепти айтып келет. Көп эле саясат таануучу дегендер саясатчыларды бекер эле мактай беришпейт. “Кур аякка бата жүрбөйт” – деген кепти ураан кылып алгандар да бар.