Домой Саясат Бабанов неге талкуулардан көрүнбөйт?

Бабанов неге талкуулардан көрүнбөйт?

37

Кыргыз мамлекети азыр күүгө келе баштады. Дайыма шайлоо болордо өлкөнүн ысылыгы жогорулап кетерин саясатчылар эмес сексендеги абышка да жакшы билет. Арийне, коомчулуктун таразасында учурда шайлоо тосулмасынын тогуз пайыз болушуна карата түркүн көз караштар бар. Бири ушул бойдон кетсе татыктуулар, күчтүүлөр парламентке келет деген пикирин жаадырса, айрымдары тосмону ылдыйлатууга кызыктар. Бирок, мунун тагдырын бир адам эле чечип салат деген кептердин да чыгышы жөн жерден эмес.

Өткөндө мен деген саясаттагы лөктөрдү ушул маселе боюнча чакырып көпкө чейин талкуулашты. Феликс Кулов, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Равшан Жээнбеков, Чолпон Жакупова, Темир Сариев сыяктуу саясатчылар өз ойлорун ортого салышты. Негедир азыр “саясий депрессияда” жүргөн Өмүрбек Бабанов көрүнбөдү. Же чакырылбай калганбы? Эмнеси болсо да бакылдап ортодо жүргөн кишинин мындай учурда четтеп калышы ар кандай ойлорго түртөт экен. Чамасы бизнесине доо кетирбөөүчүн ал мындай талкууларга катышпай эле коюну туура көрсө керек. Байлыкты биринчи орунга койгон киши саясаттан деле кетип каларын билебиз го? Демек, анын партиясы шайлоого барбайт деген имиштердин чындыгы бардай…

Булак: “Ачык сөз”