Домой Коом Баасы 35-50 000 долларды чапчыган «Арашан» кочкорунун таржымалы

Баасы 35-50 000 долларды чапчыган «Арашан» кочкорунун таржымалы

277

Кыргызстанда пайда болгон койдун жаӊы породасынын айланасында талаш маселелер бар. Айрымдар жаӊы пайда болгон «Арашан» породасынын баасы аша чаап кымбаттап жатканын, жайытка жолотпош керектигин айтып чыгышууда. Аймактык кабарчы «Арашандын» зыяны, пайдасы жана баасынын өсүп бараткандыгы боюнча аламүдүндүк ишкер Искендер Абдралиев менен баарлашты.

Каарманыбыз 13 жылдан бери «Арашан» койлорун багып келет.

— Бул «Арашан» породасы качан жана кантип пайда болду? Сөздү алгач ушундан баштасак.

— 1972-жылы Тажикстандын гиссар койлор заводунан бизге биринчи жолу Кант шаарына 50 баш кочкор алынып келиптир. 1985-жылы 25 баш кочкор алып келишкен экен. Ошентип алар менен кыргыз куйруктуу койлор аргындаштырылган. Союз кезинде эле бул кочкорлор акырындык менен айрым адамдардын колундагы чарбаларга өтө баштаган. Союз таркап, завод-фабрикалар, чарбалар талкаланып, элге бөлүнүп жатканда, мына ушул гиссар кочкорлору да толугу менен тарап кеткен. Ошентип, эл өзүнүн кыргыз койлоруна кошуп, элдик аргындаштыруу жүргөн. «Арашандын» мекени ушул Чүй өрөөнү десек болот. Алгач Кант, Ивановка, Новопокровкада пайда болуп, көбөйө баштаган. 3-4 жыл мурда, тактап айтканда 2018-жылы Казакстанда өткөн эл аралык көргөзмөгө кыргыз гиссары деп алып барганбыз. Ошондо биздин гиссарлар тажик гиссар кочкорлоруна окшошпой турганын баамдадык. Экөө таптакыр башка экен. Ошол көргөзмөдөн кийин тиешелүү тармактарга кайрылып, профессорлор менен кеӊештик. Алар биздеги гиссар деп аталып келген койлорду кыдырып көрүшкөн. Ошондо алар: «Булар гиссар эмес, булар башка экен. Жаӊы порода кылып каттасак болот» деп, «Арашан» породасын каттоодон өткөрүп, мына быйыл элге жарыяланды.

— Гиссар менен «Арашандын» айырмасы эмнеде?

— Гиссар менен биздин «Арашан» кочкорун салыштырып көрсөӊүз, айырмасы билинет. Ал эми адистер экөөнүн салыштырбай эле, өз-өзүнчө карап туруп, башы, кулагы, мойну, көлөмү, шыйрак, туяктары, куйруктарынан, ал тургай жүнүнөн эле билип коюшат экен. Биздики кулагы жайык, башы, тумшугу чоң , мойну узун, жарым уяӊ жүндүү келет. Анан эӊ негизги айырма — салмак. Азыр «Арашандардын» салмагы 214 килограммга чейин жетти. Союз маалында дүйнөдө рекорд койгон гиссар 198 кг болгон дешет. Андан кийин салмак боюнча рекорд жаӊыртыла элек экен.

— Учурда гиссар, «Арашан» койлорунун баасы кымбаттап, баркы көтөрүлүп жатат. Бул эмнеден улам болуп жатат? Кээ бирлер мындай баа аша чапкандык деп сынга алышууда.

— Тажикстандан келген койлордун баасы «Арашандан» эки эсе арзан. «Арашан» дүйнө боюнча рекорд болгону жатат. Анын баасын жергиликтүү фермерлер көтөргөн жок. Бааны алармандар көтөрдү. Кардарлар Россиядан, Украинадан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан дагы келип, суроо-талап көбөйдү. Башында кочкорлорду алып кетип жатышкан болсо, эми койлорун да сатып алышууда. Себеби, «Арашан» кочкорун алып барганы менен аз убакыттын ичинде биздикиндей жыйынтыкка келе албайт экен. Ага убакыт талап кылынат. «Арашанды» өзүбүздүн да ишкерлер сатып алууга өттү. Бирок, өзүбүздүн ишкерлер козуларды 500 долларга бааласа, казак ишкерлери 2-3 миӊ доллар сунуштап жатышат. Баа мына ушинтип өстү. Ал эми чоӊ кочкорлор 35 миӊ долларга сатылганын, дагы бири 50 миӊ долларга сатпай койгонун угуп жүрсөӊөр керек. Суроо-талап канчалык көбөйгөн сайын «Арашандын» баасы ошончолук өсүп жатат. Пандемия учурунда соода бир аз солгундап калган. Эми кайра жанданды.

Биздин эл «Арашан» аша чаап кымбаттап жатат деп айтышат. Бул туура эмес. Маселен, «3 миӊ долларга бир козусун алганча, бир жылкы алса болот да» дешет. Бирок, ошол эле маалда 1 миллион долларга бааланган жылкылар бар. Ошондуктан бири-бирине салыштыруу мүмкүн эмес. Жөнөкөй койлор 10 миӊ сомго жетпеген акчага сатылат эмеспи. Ошол 10 миӊ сомго жылкы келеби?

— Жайыттарга «Арашанды» чыгарууга каршы болгон топтор бар экен. Чын эле жайытка зыян келтирип жатабы? Деги эле чөп, жемди кандай жейт?

— Негизи «Арашан» же гиссар болобу, биздин жөнөкөй койлордой эле кой. Жайыттарга зыян келтирбейт. Ошондой өлчөмдөгү чөптү жейт. Тескерисинче жөнөкөй койлор 2 эсе кичинекей болуп алып, «Арашан» менен жарышып жейт. Дагы бир айырмасы, «Арашан» тоонун чокусуна чейин чыгып, эчки оттогон жерлерге бара алат экен. Бул менимче жайытка үнөм эмеспи.

Албетте каршы болгон топ бар. Гиссарды гана багам деген топтор да бар. Ошентип экиге бөлүнүп калдык. «Арашан» кечээ жакында эле пайда болгон жок. 50 жылдагы аргындаштыруудан келип чыкты. Муну моюнга алыш керек.

Буга чейин жеке ишкер койдун жаӊы тукумун өстүргөнүнө 12-13 жылдай болуп калганын айтып берген.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы «Арашан» породасын каттаган. Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган.

Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн. «Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Республика боюнча «Арашан» породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

turmush.kg