Бишкектин вице-мэри Азизбек Алымкулов билдиргендей, негизинен сайтта белгиленген тизмеде көрсөтүлгөн зарыл документтер толук берилбегендиги, же арыз туура эмес толтургандыгы өткөрмө берүүдөн баш тартууга себеп болду.
2020-жылдын 30-апрелинен 1-майына чейин өткөрмө кагаз алуу үчүн 13043 билдирме түшкөн. Алардын ичинен 1 687си жактырылды, ошондой эле сутка бою иштегенге – 41 автоунаага, күндүз иштегенге – 1092 автоунаага, жөө жүрүүгө 554 өткөрмө кагаз берилди. 10521 билдирме боюнча баш тартылды жана 835и кароо стадиясында турат.