Домой Саясат Азимбек Бекназаров: Президенттен аны бошотуп кой, муну минтип кой деп суранбайм

Азимбек Бекназаров: Президенттен аны бошотуп кой, муну минтип кой деп суранбайм

35

—Азимбек агай. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президенттин кабыл алуусунда болот экенсиңер. Кандай максатта жолугууну пландап жатасыңар?

—Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бул сапар салтты улай түрмөдөн чыккан эки мүчөбүздүн башын куттуктап, баштарына ак калпак кийгизип коёлу деген максатта жолуктук. Бирок ага чейин эле президент бизди жолугушууга чакырган. Демилге биз жактан эмес, ошол жактан чыккан.

—Президент силерди кандай максат менен жолугушууга чакырышы мүмкүн?

—Президент буга чейин деле экс-спикерлерди, экс-премьер министрлерди жолугушууга чакырып эле жүргөн. Бул сапар Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн чакырып чай берип коёюн десе керек. Анткени ал өзү да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү да.

—Бирок эл арасында президенттин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолукса, Дүйшөн Чотонов менен Текебаевдин сотуна таасир эте турган жагдай түзүлүп калбайбы деген чочулаган кептер айтыла баштады го?

—Президент ким менен жолугаарын билбейм. Мага президенттин аппарат башчысы телефон чалып чакырды. Ошон үчүн барам. Бирок алар Убактылуу өкмөттүн баарын чакырдыбы же айрымдарын чакырдыбы билбейм. Анткени кечээ Текебаев менен Чотоновдун башына ак калпак кийгизген жерге деле Убактылуу өкмөттүн эки мүчөсүн чакырбай коюшуптур. Эмне алар келишкен жок десем, чакырган жокпуз дешти. Ошондуктан ар кандай болушу мүмкүн.

—Президент кабыл алса кайсы маселени көтөрөсүз?

—Мен аны бошотуп кой, муну минтип кой деп суранбайм. «Кумтөрдүн», «Жерүйдүн» маселесин чечкиле деген талап коём. Жеке кызыкчылыкка байланышкан маселени эмес, улуттук деңгээлдеги маселелерге токтолом.

—Баса, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү саясатка жаңы күчтөрдүн келишине каршы болуп, мурдагы былыктарыбыз чукулуп калат деп президентти колго алуу максатында жолугууну пландап жатышат дегендер да чыгып жатат го?

—Убактылуу өкмөттүн былыгым чыгып калат деп корко турган иши жок. Анткени 5-чакырылыштын депутаттары парламентке келээри менен Келдибеков спикер болуп турган мезгилде Убактылуу өкмөттүн ишин иликтеп чыккан түрдүү комиссия түзүшкөн. Алар жалпы Убактылуу өкмөттүн ишине жана ар бир аракетибизге баа беришкен. Күнөөлүүлөрүн аныкташкан. Биздин иш ачык-айкын болгон. Ар бир аракетибиз эл алдында болгон.

Булак: Фабула