Домой Саясат Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: Сот Атамбаевди жок кылыш үчүн Текебаевди акташ керек...

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: Сот Атамбаевди жок кылыш үчүн Текебаевди акташ керек деген алкакта жүрбөшү керек

147

-Азимбек Анаркулович, Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралсын деген шартта Жогорку соттон Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлүптүр. Бул адилеттүүлүктүн орун ала баштаганынан кабар береби же Атамбаевди саясаттан жок кылыш үчүн жогору жак Текебаевди эркиндикке чыгарууга аргасыз болдубу?

-Сот Атамбаевди жок кылыш үчүн Текебаевди акташ керек деген алкакта жүрбөшү керек. Судья  мыйзамдын талабы менен гана иш кылып, сотто Атамбаевди биротоло жок кылыш үчүн же саясий өңүттө чечим чыкпашы керек. Сотто иштин укуктук жагы гана каралышы шарт.  Мен  эмнегедир Текебаев менен Чотоновду актап салат деген ойдон алысмын. Анткени, ишти оңдоп кароо кадыресе эле болуп жүргөн  процесстердин бири. Кээ бир иштер 11 жолу Жогорку соттон артка кайтарылган учурлар болгон. Ошон үчүн биротоло акталып кетээринен шек санап жатам.

-Бирок, “Ата Мекенчилер” чындык жеңгендей кубанып, Текебаев акталат деген үмүттө болуп  жатышат го?

-Акталсын. Каршы эмесмин. Текебаевдин иши обективдүү каралган эмес. Жогорку соттон  жаңы ачылган жагдайдын шартында  оңдоп каралсын деген чечим болсо, адилеттүү чечим деп айтат элем. Чечимди окуй элек болгон үчүн кандай максатта каралсын дегенин билбей жатам.  Анткени, кайра оңдолуп каралсын дегендин  түрү бар. Текебаевдин ишин кандай максатта каралсын деп артка кайтарганы  белгисиз болуп жатат.

-Баса, Өмүрбек Бабанов буга чейин Кыргызстанга келээрин жар салып, бирок келгенден коркуп, алган билетин кайра артка кайтарган эле. Бу сапар кантип коркпой келди? Же сүйлөшүү жүрүп,  камалбасына көзү жеттиби?

-Менин жеке пикиримде сүйлөшүү болгон. Бабанов коркок жигит. Ал керт башынан эмес, дүйнөсүн жоготуп алуудан коркот. Бабановдун келишинин аркасында Казакстандын мурдагы президенти Назарбаев, Россиянын президентти Путин жана биздин экс- президенттер Акаев, Бакиев,  жана алардын балдары Максим менен Айдар турат. Алар Бабановду ушул кырдаалдан пайдаланып бар деп көндүрүшкөн.  Россиянын бийлиги аркылуу кепилдик алып беребиз дешкен. Алар ушул кырдаалдан пайдаланып ал дешкен.  Менимче, Бабановду жөнөткөндөрдө Кыргызстандагы азыркы бийликтин бекемдигине шеги бар. Кокус революция  болуп кетсе бийлик башына  улутчулдар же исламчылар келип калбасын дешип, Бабановду биз сени колдойбуз, Бийлик колуңа тийсе, Бажаев экөөңөр каалагандай башкара бересиң  деп жөнөтүшкөн. Анткени, алардын оюу боюнча Кыргызстанды Россиянын саясатын колдогондор  бийликке келиши керек.

-Бабанов камалбайт деген кепилдик барбы?

-Бийликтин кепилдиги жок болсо, Бабанов келмек эмес. Россиянын ФСБсы кепилдик берген үчүн Бабанов келди.  Президенттин коррупция менен күрөшөм дегени чын болсо, Коррупция менен күрөштү сенден баштайм деген сөзүнө туруп, Атамбаевди камаганына корстон болбой Бабановду да ал аралашкан иштер боюнча сураш керек. Башканы айтпасак да, Жер үй боюнча суракка алып, неге кыргызстандын үлүшү жок  берилип кеткенин себебин билишибиз керек. Анткени, Жерүйдөн казыла турган 105 тонна алтындын канчасы Кыргызстандыкы экени белгисиз. Башык макулдашуусу жок иштеп жаткан Жерүй  коррупция эмеспи? Жок эле дегенде Жерүй боюнча Бабанов мыйзам чегинде суралышы керек.

-Бабановду кандай максат менен Россия колдоого алып жатат?

-Бабановду президент кылып Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн бирден камоону максат кылып жатышат. Эгер Сооронбай Жээнбеков өз алдынча чечим чыгарып, өз алдынча иш кылбаса, кимдер менен иштешип жатканын түшүнбөсө өзү  ошондой сырткы күчтөрдүн курмандыгына айланып калышы ыктымал. Анткени, ал да Убактылуу Өкмөттүн бир мүчөсү болгон.

Азимбек агай, неге иштеп жаткан президент да, экс-президент да Путиндин кабыл алуусунда болду. Бизде Россиянын макулдугусуз  иш кыла алышпайбы?

-Акыркы мезгилде кылмыш иштер да  Москва менен  кеңешилип калды. Батукаевге окшогондор да Москва менен кеңешилип чыгарылып калды. Биз болсо Москванын айынан Саляновага окшогон кыздарыбызды каматып отурабыз. Бул чынында уят иш. Президенттерибиз кыйын болсо Акаев, Танаев, Бабановдорду Москванын колтугунан чыгарып, алтындарыбыз үчүн суракка алыш керек. Анткени, алтындарыбызды Акаев менен Танаевдер саткан. Ушул авторитардык  режимди да ошолор орноткон. Аны Бакиевдер гүлдөткөн. Бирок, биздин президенттер Путиндин же Лукашенконун алдында аларды  бергиле деп бир да жолу маселе коюшкан эмес. Азыркы президентин да аларды бергиле деп маселе койгон жери жок.

Путин чакырган үчүн Атамбаев Канттагы авиа базадан Москвага учуп, кайра келсе да бийлик реакция кылган жокпу же анын башка сыры барбы?

-Кылмышка шектелип жаткан Атамбаев канттагы россиянын авиабазасынан учуп Путинге жолугуп  келди. Ага бийлик реакцияда кылган жок. Ал турсун  кылмышка шектүү адамды эмне үчүн Россиянын президентти кабыл алат дегенге да жараган жок. Жок эле дегенде  Тышкы иштер министри реакция кылышы керек болчу. Ал турсун Жээнбековду жайлайм деген адамды Путин кабыл алды. Мен 2005-жылы Танаевди авиа базага киргизбей кармап алгам. Бийлик ошондой  кылганга да жараган  жок.  Анткени, россиянын таасири менен тергөө ишин жүргүзүп, өбүз. Рассиянын таасири менен жашап жатабывз. Эртен шайлоо болсо, Россия макулдук берген партия парламентке келет.

-Атамбаевдин камалышы туура эле болдубу же Сооронбай Жээнбеков ичкен кудугуна түкүрдүбү?

-Атамбаев өзүн өзү кылды. Ал бийликтин күчү менен бийликке келди.  Ал турсун бийликтин күчү менен парламент түздү. Бирок, башка президенттердей эле анын тилеги жаман болду. Мураскор дайындаганы менен өзү бийликти башкарууну каалады.  Маселе ошондон чыгып, арты Атамбаевдин камалышы, кан төгүү менен коштолду.  Негизи биздин президенттердин  кудай талаа тилектерин кабыл кылат экен. Акаев “мага ангилиянын каролундай бийлик бергиле” деп отуруп, каршы чыккан парламентти таратып, референдум аркылуу чоң  бийликке ээ болду. Жыйынтыгында башкара албай калып, үй бүлөсү кошо мамлекетти башкарууга аралашып кетти. Бакиев Акаевдин  бийлиги укмуш турбайбы, ал туура эмес пайдаланган турбайбы деп “бул бийликти керек болсо, автомат менен коргойм” деди. Айткандай эле  автомат менен коргоду. Көп адамдар өлүп, максатына жетти. Атамбаев болсо менде курал бар. Мен атышам деп атып, кан төгүлдү. Эми Сооронбай Жээнбеков  мурдагы президенттердин катачылыгын кетирбейм. Ниетимди түздөйм, мурдагы кемчиликтерди оңдойм, коррупцияны жоём деши керек. Атамбаевди, баланчаны какмай дей бербеши керек. Алла таалаа президенттердин ниетин берип коёрун мезгил өзү көрсөтүп жатат.

-Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, тергөө менен кызматташса эле алардын баш коргоо чарасы өзгөрүп калганы туурабы же?

-Туура эле. Мыйзамда ошондой. Тергөө менен кызматташкандарга жеңилдиктер берилип, баш коргоо чарасы өзгөрүп, үй камагына чыгат. Бирок, бул туура эмес.

Атамбаев кайсыл жерден чекиликке жол берди?

-Ал ок аттырып, элди шит кылып колдонбой эле тергөө менен кызматташса болмок. Мен анда андан башка жол жок экенин айтып, видео кайрылуу жасагам. Мен Атамбаевди жакшы билген үчүн ошенткем. Ал кааласаңар үйгө келип суракка алгыла деши керек эле. Ошондо кан да төгүлүп, элдер жаракат да алмак эмес.

-Атамбаевага да кылмыш иши козголуптур. Ал доомат коюлуп жаткандай коррупциялык схемаларга аралашышы мүмкүн?

-Негизи кыргызстанда президенттер менен кошо жубайы, Үйбүлөсү да кошо башкарууга  аралашат. Ал жагынна алганда Раиса атамбаевага да кылмыш иши козголгону туура эле.

-Курсан Асанов Атамбаевди колго түшүүгө көндүрүп, бирок неге өзү милициянын кызыкчылыгын сатты деген негизде кызматтан алынды?

-Кызматтан кетирип, кылмыш ишин козгогондорго караганда ишинде мандем бар го.  Болбосо андай нерсе менен кызматтан алышпайт эле.

Булак: Ачык саясат